super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 1-СЕНТЯБРЬ: Төкмө акын Замирбек Үсөнбаев 65 жашка толду

 

Төкмө акын, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Замирбек Үсөнбаев 65 жашка толду. Ал 1951-жылы Бишкек шаарында туулган.

1978-жылы КМУнун филология факультетин бүтүргөн. 1968-жылдан тартып Кыргыз мамлекеттик филармониясында иштей баштаган. 1991-жылдан тарта филармониядагы "Эл шайырлары" фольклордук тобунун көркөм жетекчиси болуп эмгектенип, Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтунда акындык өнөр боюнча сабак берет. Чыгармачылыгын мектепте окуп жүргөндө эле өздүк көркөм чыгармачылык кароолоруна катышуу менен 12-13 жаштарында баштаган.

Эл алдына ырдап чыккан алгачкы ырлары атасы Алымкул Үсөнбаевдин "Кыргыз элим" жана Р.Шүкүрбековдун "Жер жөнүндөгү термеси" болгон. Үсөнбаевдин талантынын калыптанышына атасы Алымкул төкмөнүн, айрыкча энеси Назимдин таасири өтө күчтүү болгон. Ал Т.Тыныбеков, Э.Турсуналиев, М.Таранчиевден үлгү алган. Э.Турсуналиев, А.Айталиев жана Т.Абдиев менен ырдап, айтыш өнөрүн алга сүрөп келе жаткан акындардын бири. Өзүнүн "Комузчуларга", "Улууларды эскерүү", "Жаштар жөнүндө терме", "Нан жөнүндө" сыяктуу чыгармалары бар. Токтогулдун, Эшмамбеттин, Жеңижоктун, Алымкулдун, Калык, Осмонкул, Ысмайылдардын чыгармаларын, термелерин, айтыштарын аткарып келген. "Замирбектин ырлары" аттуу ырлар жыйнагы 1986-жылы жарык көргөн.

Замирбек Үсөнбаев Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1979), Бүткүл дүйнөлүк жаштар жана студенттер фестивалынын дипломанты (1985). Ал мурдагы СССРдин аймагынан сырткары АКШда, Японияда, Кытайда, Швецияда, Түркияда жана башка өлкөлөрдө гастролдо болгон.

1-сентябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: