super.kg logo

Ырчылар Назми, Айжамал Кабылова, Кубаныч Сатаев, режиссёр Сүйүн Откеев, төкмө акын Азамат Болгонбаев балдарын 1-класска алып барышты (фото)

 

Бүгүн, 1-сентябрда өлкөбүздүн бардык аймагында жаңы окуу жылы башталды. 3 айлык эс алуудан кийин окуучулар билим алган мектебине чоң даярдык, толкундануу, сагынуу менен барышары талашсыз. Айрыкча бул күн алгачкы ирет мектеп босогосун аттаган кичинекей окуучулар үчүн кубанычтуу күн.

Кыргыз шоу дүйнөсүндөгү белгилүү инсандар да бүгүн уул-кыздарын алгач ирет 1-класска жетелеп барышып, кубанычтуу кабары менен интернеттеги өздүк баракчаларына бөлүшүшкөн. Алардын арасында ырчылар Назми, Айжамал Кабылова, Кубаныч Сатаев, режиссёр Сүйүн Откеев, төкмө акын Азамат Болгонбаев жана башкалар бар.

Айжамал Кабылованын уул-кызы

"Кечээ Бишкек шаарындагы майрамдык концертке катыштым. Түнкүсүн учак жок болгондуктан, эртең менен саат 8:30да Ошко учуп келдим. Балдарымды мектепке өзүм алып бардым", - дейт Айжамал Кабылова.

Ырчы Назминин кыздары

Ал эми ырчы Назми да кызы менен кошо толкунданып мектепке барганын SUPER.KG`ге берген маегинде билдирген.

Сүйүн Откеев кызы Айлин менен

"Бардык ата-энелер сыяктуу эле кызым Айлинди мектепке даярдадык. Жалдагы жеке мектептердин бирине киргиздим. Эртең менен шаарды кыдыртып, гүлдесте белек кылдым. Андан соң апасы экөө мектепке кетишти", - деп билдирди Сүйүн Откеев.

Төкмө акын Азамат Болгонбаевдин уулу Осмон

Төкмө акын Азамат Болгонбаев уулу Осмонду Арашан айылындагы Стрельникова атындагы орто мектепке киргизген.

Кубаныч Сатаев уулу Алишах менен

Кубаныч Сатаев: "Уулум "киргиз" эмес, чыныгы кыргыз болсун деп №5-кыргыз мектепке бердим", - дейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(3)
01.09.2016. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ата-эненердин үмүтүн актап, кыргыз элине кереги жараган мыкты инсан болгула. Жакшы окуп, мамлекетти көтөргүлө.
01.09.2016. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бизге да ушул кундор насип кылсын амиинь
01.09.2016. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азамат Болгонбаевдин уулу мектепке барганына капалуудай)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: