super.kg logo

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев президентке "Кордай" чек ара пункту боюнча кайрылды

 

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев Алмазбек Атамбаевге кыргыз-казак чек арасындагы "Кордай" пункту боюнча кайрылды. Бул тууралуу омбудсмендин басма сөз кызматы билдирди.

"Кыргыз Республикасы менен Казакстандын чек арасында жайгашкан "Кордай" пунктунан өтүп бара жатып мени таң калтырган абал сизге кат жазууга түрткү болду", - деп белгилейт Оторбаев.
"Эки өлкөнүн жарандары Кыргыз Республикасы ЕАЭБге, ал эми Казакстан Бажы биримдигине кирген соң чек арадан өтүү процесси жеңилдешине, казакстандык чек арачылар тарабынан мазактоолор менен коштолгон бюрократтык иш-аракеттер токтооруна үмүттөнүшкөн. Тилекке каршы, Казакстандын Чек ара кызматынын кызматкерлеринин өздөрүнүн милдеттерине гана эмес, адамдарга да кылган көңүл кош, жоопкерчиликсиз мамилесине кабылып, эки өлкөнүн жарандарына адамгерчиликсиз мамиле жасашкандарына күбө болдум. Мен чек арадан өтүп жатканда 5 кызматкер турду, бирок алардын экөөсү документтерди текшерип жатышса, калгандары анекдот айтып отурушту. Алар баштыктарды жана башка нерселерди текшерип жатып процесске тиешеси жок суроолорду берип, кээде жаш кыздардын телефон номерлерин да сурашкандарын байкадым. Мунун баары жарандарды чек арада кезекте жай убагында куйкалаган күн алдында жана кышкысын катуу суукта 1,5-3 сааттан ашык турууга аргасыз кылат.

Албетте, жыйынтыгында "Освенцим абагы" деп аталган темир тосмолорго кирген карылардын, кош бойлуулардын, балдардын ден соолуктарына чоң зыянын тийгизип жатат. Эгер кимдир бирөө өзүнүн укугун коргоого аттанса, аёо жок, аларды ого бетер мазактоочу аракеттер менен андан да көп убак кармашат. Менин көз карашым боюнча, казак чек арачыларынын мындай иш-аракеттери өлкөлөрүбүздүн мамилелерине чоң залакасын тийгизүүдө.

Адамдын жана жарандын укугун бузган мазактоо, кемсинтүү жана шылдыңдоо сыяктуу мамилени көргөн соң, кызматкерлердин мындай мамилелеринин себептерин билүү үчүн Чек ара кызматынын "Кордай" пунктунун жетекчилеринин бирине кайрылдым. Ал маяна аз болгондуктан, бул чек ара пунктунда иштөөнү каалагандардын саны аз экендиги менен түшүндүрдү. Менин оюмча, мындай иш-аракеттерди жүргүзүүгө бул түрткү эмес", - деген акыйкатчы өз катында.

Кубат Оторбаев Казакстандын Адам укукугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Аскар Шакировго да кат жибергени маалым болду. Маалыматка ылайык, катында чек ара пункттарына жана Казакстандын беделине туура келбеген темир тосмону алууга бардык чараларды көрүүнү суранып, жарандар үчүн шарттарды түзүүнү, чек арачылардын тиешелүү деңгээлде иштешин өтүнгөн.

Эске салсак, буга чейин бул маселе боюнча нааразычылыктар жазылып келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
01.09.2016. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1.5.3 саат турса эчнерсе эмес кебирлери суткалап кезек күтүп араң өтүшуп жатышатко акча берсең бир эки саатта өткөрүп жиберишет эгер акча бербесең суткалап күтөсүң ошол чек ара маселесин биздин чоңдорубуз чечип беришсе
01.09.2016. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз дагы досторум менен ушундай көрүнүштөргө кабылганбыз. Кордай чек арасына түнкү саат 3 тө барып эрте менен саат 9 да өткөнбүз
01.09.2016. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул илгертен бери келе жаткан корунуш.
01.09.2016. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде чечиле элек чек аралар аябай эле коп турбайбы...Мен Баткен,Аксы чек аралары деп эле ойлоптурмун.Биздин чек аралардын баары эле сатылып кеткен окшойт мурун эле. Неге чек ара маселеси азайгандын ордуна кайра кобойуп жатат?...
01.09.2016. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен жакында эле чалдыбар постунда телефонума звонок келгенинен 2 саат кармап анан шавер келип алып чыгып кеткен 500 сом берген ошон учун айтарым постон откондон семичка сигарет же сотканарды кармап отсор мени кылгандай кылат абайлагыла
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: