super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 1-СЕНТЯБРЬ: 47 жыл мурун Ливияда аскердик төңкөрүш болуп, бийлик башына Муаммар Каддафи келген

 

47 жыл мурун, тактап айтканда, 1969-жылы 1-сентябрда Ливияда аскердик төңкөрүш болуп, бийлик башына Муаммар Каддафи келген. Ал баштаган "Юнионисттер менен социалисттердин эркин офицерлери" тобунун бийликти басып алууга багытталган "Эль-Кудс" операциясы 1969-жылы иштелип чыккан. Бирок белгисиз себептерден улам алгач 12-24-март аралыгына, кийин 13-августка белгиленген.

1-сентябрь күнү алар таң атпай Бенгази жана Триполи шаарларынын аймагында элди чогултуп, ишке өтүшкөн. Алар аз убакыттын ичинде мамлекеттик жана аскердик объектилерди колго алышкан. Американын базасына бара турган жолдор алдын ала тосулган. Төңкөрүштүн оңой ишке ашуусуна падыша Идрис I`нин ошол учурда Түркияда дарыланып жатканы чоң роль ойногон.

Муаммар Каддафинин туулган жылын биографтар 1940-жыл дешсе, өзү 1942-жылы Сирт шаарынан 30 чакырым аралыкта жайгашкан бедуиндин (көчмөн) алачыгында төрөлгөнүн айтып келген. Анын толук аты - Муаммар бен Мухаммад Абу Меньяр Абдель Салам бен Хамид аль-Каддафи. Ал 1969-жылдан 2011-жылга чейин өлкөнүн башында турган.

1-сентябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: