super.kg logo

Берекелүү алтын күздүн алгачкы күнү (фоторепортаж)

 
Жалбыракка жашынган алмалар.
Күздүн алгачкы күнүнөн көрүнүш
Күз айындагы шаардыктардын эс алуусу
Күздүн келгенин далилдеген жалбырактар.

Берекеси төгүлгөн күз мезгили ак төөнүн карды жарылган маал деп аталып келет. Анткени азыр жашылча, жер-жемиш, арпа-буудайдын баары бышып, кырмандар данга толуп турган учур. Маңдай тер төгүп эмгектенген дыйкандын мээнети кайтып, кампасы толуп-ташкан убак. Күздүн алгачкы көрүнүшүн сүрөткө тартып, коомчулукка алып чыгууну туура көрдүк.

Борбор шаарды аралап жүрүп алтын түскө боёлгон күздү байкай алган жокпуз. Күз келди деп айтылганы менен, күздөгү мелүүн жел согуп, таңдагы шүүдүрүм түшө элек. Болгону айрым ооруга чалдыккан же жетиштүү суу ичпеген бак-дарактардын гана эрте саргайып жатканын байкоого болот.

Күздүн алгачкы күнүндө Эркиндик багын аралап, небересин ойнотуп жүргөн Кабылбек Курбанов аттуу шаар тургунуна жолуктук. Ал көп жылдар бою багбанчылык менен алектенгенин айтты.

"Мен мезгилдердин баарын жакшы көрөм. Ар бир мезгилдин өзүнчө айтып бүткүс керемети бар. Жазды күздөн, жайды кыштан бөлүп кароого болбойт, анткени ар бир жыл мезгили көз жоосун алган кооздуктары менен адамзатка рахат тартуулайт. Мага кыш жагат, жаз жагат деген адамдар - алар адашкан адамдар", - деп билдирди ал.

"Дарактардын жалбырагынын мезгилинен эрте түшүшү жетиштүү суу ичпегендиктен же дарак кандайдыр бир ооруга чалдыккандан болот. Дарак ооруга чалдыкса жалбырагын түшүрүп эле таштабай, тырышып кармап калгандары да болот. Мисалы, кара өрүк ооруга чалдыкса жалбырагын түшүрбөйт. Андай учурда жалбырагы күз, кыштан өтүп, эрте жазга чейин түшпөй калат. Кээ бир дарактар суукка чыдамдуу келип, жалбырактарын кеч күзгө чейин кармап турат", - деп кошумчалады Курбанов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.09.2016. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жемиштин суроту жокпу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: