super.kg logo

Ислам Каримовдун өзбек элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктоосу жарыяланды

 

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги президент Ислам Каримовдун эгемендүүлүктүн 25 жылдык мааракесине карата куттуктоосун расмий сайтына 31-августта жарыялады. Кайрылууну борбордук телеканалдар аркылуу диктор окуп берди. Буга чейин өлкөнүн расмий жалпыга маалымдоо каражаттары Каримовдун дарылануусуна бир нече убакыт керектигин жазып чыгышкан. Ал эми президенттин кызы Лола Каримова интернеттеги социалдык тармак аркылуу атасынын мээсине кан куюлгандыгын жазып чыккан. Азыркы учурда Каримовдун абалы туруктуу экени маалымдалып, анын өлүмү тууралуу чыккан маалыматтар четке кагылууда. Мамлекет башчы өзбекстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, чейрек кылымдын ичинде өлкө кандай жетишкендиктерге жеткенин белгилеп өткөн.

"Чын дилимден бардык жарандарды эгемендүүлүктүн 25 жылдыгы менен куттуктайм. Өлкө көп кылымдык тарыхтын жаңы барагын ачуу менен тоталитардык түзүлүштү жоюп, эркин жана бакубат жашоо курууга шарт түзүлдү", - деп айтылат маалыматта. Каримов өлкө эркиндик алган жылдары кандай кыйынчылыктар болгонун эскерген.

"Өлкөдөгү абал заматта начарлап, оор кырдаалга кептелген. Мамлекет урап калуу жагдайына тушукканын элестетүү оңой эле болуп калган", - деген ал. Бирок бардык кыйынчылыктарга карабастан, Өзбекстан бутуна туруп, өнүгүү жолуна түшкөнүн белгилеп, бүгүнкү күндө Өзбекстандын алдында турган эң маанилүү тапшырмалардын бири өлкөнүн коопсуздугу менен терроризм, экстремизм жана баңгизатын жүгүртүү менен күрөшүү болуп эсептелерин өлкө башчы кошумчалаган.

Эске салсак, Өзбекстан Эгемендүүлүк күнүн 1-сентябрь күнү майрамдайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(17)
01.09.2016. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Олгон эле болуш керек майрам откондон кийин маалым болот баары
01.09.2016. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Олсо да создору маанилуу орду менен жазылган. Президенттин созу деп ушуну айт. Проблемаларды камтыган.
01.09.2016. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Mile,бул президенттин сөздөрү эмнс, ал инсульт алып комада жатат. 5 күн ичинде тагдыры чечилет деген. Израиль менен Германиядан врачтар келип карашат даген эле. Кечээ Москвадан да врачтар учуп кетишти деп окудум .
01.09.2016. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Rifle_S,каримов олсода созу олбойт. Сиз созуно маани берсениз. Бирини бири чукулашпай мактанып жатат. Суйлогонду билет, кой теке деп доорубой.
01.09.2016. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
АША сабак плса болчудай...
01.09.2016. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Олсода олугу артык деген ушул болсо керек
01.09.2016. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
бизге не алар бизди эске да алышпайтко...
01.09.2016. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
elmurat.kg, эске алгыдай соз суйлой албайт АША
kyrgyz_girl түзөттү 2016-09-01 16:12:08
01.09.2016. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Топурагы торко деп оло жаздык эле даааа
01.09.2016. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олгон деп айтышты бирок темирдей тартип деген ушул озу олсо да созу олбойт,, майрам отсо айтышса керек,5 кун отсо билинет деген..
01.09.2016. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аяш созго келбей ооруп жатса, кантип куттуктады экен ааа?!
01.09.2016. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жанын ооруганда, куттуктамак турсун, булбулдун уну ашыкча болуп кетет эле гоо...?!
01.09.2016. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Двойнигин табып операция кылып озуно окшош кылып даярдашып жаткан болуш керек анын олгонун официально жарыяласа ал жакта согуш чыгып кетиши мумкунда ошол учун башканы двойнигин уйротуп даярдап жатса керек
01.09.2016. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
неге видеосу жок
01.09.2016. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
оозеки менда Ельциндин атынан жазам
01.09.2016. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бироонун олумун тилеп не кыласынар,андан коро куттуктоонун маанисине конул бурсанар темадан алыстабай.
02.09.2016. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өлгөн болушу да мүмкүн. Мамлекеттин бүтүндүгү, өлкө ичиндеги стабилдүүлүктү сакташ үчүн президенттин өлүмүн жашырып аткан болушу мүмкүн. Себеби, Каримовдун өлүмүн мүнөттөп күтүп аткан күчтөр көп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: