super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Кайненем майда-чүйдө керектүүлөрүмдү сатып берсе сүйүнүп калам"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Келиндердин кийим көйгөйү" деген тема талкууга алынууда.

Теманы ачкан колдонуучунун билдирүүсү:

"Мен түрлөп кийингенди аябай жакшы көрөм. Апам "кийим жиндисисиң, турмушка чыксаң күйөөң алып берсе киесиң, болбосо жок" деп айтып калат. Жеңелерден сурайын дегеним, кийимдерди кантип алдырасыздар? Өздөрү билип алып беришеби? Биздин айылда келиндер бир халатын көпкө кийип жүрө берсе, "жаңы халат алып берип койбойбу" деп сөз кылышат".

Ачылган темага калтырылган билдирүүлөр:

"Мен күйөөмө "халатка, көйнөккө акча бер" деп айтам. Же болбосо бетимди табактай кылып кайнатамдан акча сурайм. Акчасы болсо эле айткан сумманы берет. Кайненеме кийим тууралуу айтпайм, анткени баары бир жок деп айтарын билем".

"Акча барда бардай кийинип, жок болсо маселе жаратпай эле жүрөбүз. Турмушка чыкканыма 4 жылдын жүзү болуп калды, кайын журтум "Эмнең бар, эмнең жок?" деп сурабайт деле. Москвада иштегенимде жаман көрүнбөйүн деп керектүү кийим-кечелеримди камдап алам. Үйгө барганымда апам халат, жоолук, мага керектүүлөрдү алып, салып жиберет. "Кайненеңди кыйнап кийим сураба, анын да көп баласы бар. Ар бирин багыш оңой дейсиңби?" деп апам урушуп турат. Ошол себептүү кийим деп ооз ачпайм".

"Менин кайненем базарга барганда акчасы ашып калса көлөч, байпактардан алып келип берет. Акчам болгондо өзүм эле алам. Ошого деле ыраазымын, "кайненем мени эстеп алып келиптир" деп сүйүнүп калам. Мен да Кыргызстанга барганда, кайненеме ар нерселерди алып барып берем".

"Бойдок кездегидей түрлөп кийинсеңиз болот. Эгерде өзүңүз да киреше таап турсаңыз турмушка чыкканда деле улана берет. Таппай үйдө отуруп калсаңыз кичине азаят. "Аялдан амал качып кутулбайт" дегендей, кызыл-тазылдарды көргөндө азык-түлүк, бейтапканадан үнөмдөп коёбуз. "Кечке эле кийим ала берет экен" деген сөзгө калбаш үчүн "мурда эле бар болчу" деп кутулабыз".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
01.09.2016. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
теманын сүрөтү жакты да мага.....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: