super.kg logo

7 жаштагы Хлое Смит таштандынын арасынан 1992-жылы Олимпиада оюндарында берилген алтын медалды таап алды

 
АКШнын Атланта шаарынын 7 жаштагы Хлое Смит аттуу жашоочусу таштандылардын арасынан "Барселона-1992" Олимпиадасында берилген алтын медалды таап алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Кичинекей кыз атасы менен бара жатып таштандынын арасынан жылтыраган нерсеге көзү түшкөн. Кийинчерээк аныкталгандай, медаль спортчу Жо Жекобиге таандык болуп чыкты. Ал Олимпиада оюндарында Скотт Стросбо менен каноэ спорту боюнча жеңишке жетишкен. Алтын медаль ушул жылдын июнь айында уурулар спортчунун унаасын талкалап, баалуу буюмдарын алып кеткенден кийин жоголгон.
"Хлое Смиттин үй-бүлөсү спортчу менен байланышып, табылга тууралуу билдирген. Жекоби кызга ыраазычылыгын билдирүү үчүн 29-августта ал окуган мектепке барган. Ал эми сыйлык өзүнүн мыйзамдуу ээсине кайтарылган", - деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(8)
01.09.2016. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кызга суйунчу берилгени айтылбаптырго мектебине эле барып чектелгенго башка медалдарынан бирди белек кылса да болчудай
01.09.2016. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Бирого зар бирого кор деген ушуда.
01.09.2016. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
adimyrza,аларда бизге окшоп суйунчу бер деп догурунмай жок. Рахмат деген соз алар учун чон бакыт, биз учун кидала)))
01.09.2016. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
adimyrza,ал нерсе биздп эле канча берет экендеп
01.09.2016. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Kyrgyzdar oshol ele kunu jok kylmak eshnerse aytpay jym jym
01.09.2016. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аларда суйунчу берсе да албайт.Мисалы кыздын ата энеси.Себеби тарбия ошондой.Менин таанышым Москвада паспортун жоготуп жиберет.Кийин соц.тармактан (эл.почтадан)сообщение келет экен,фамилиясына мен таап алдым баланча деген паспорт сеники эмеспи деп,если чо званда тел.номерин берип.Экоо суйлошуп тиги таанышым 2000 руб.берсе албай коюптур.Ал орус киши.Ошондой.суйунчуну только Кыкем алат........
01.09.2016. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Шалаакылык кылып билбей таштандыгы ыргытып жиберген болуш керек))))кийин уялгандан машинамдан уурдап кетти деп койгондур
Болбосо алтын медалды машинада эмнеге алып журмок эле
01.09.2016. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ммм....жакшы ата эне экен, кызына эң жакшы тарбия беришет экен....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: