Малайзиянын бийлиги Зика вирусу менен жабыркаган алгачкы учурду жарыялады
Малайзия бийлиги өлкөдө Зика вирусу менен жабыркаган адам катталганын тастыктады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта кабарлангандай, Зика вирусун алып жүрүүчү катары саналган аял жакын арада эле Сингапурда болуп келгендиги белгилүү болду. "Өлкө бийлиги бул вирустун жайылып кетүү коркунучун алдын алуу иштерин жүргүзө баштады", - деп билдирген өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги.
Маалымат үчүн: Бүткүл дүйнөлүк ден соолукту коргоо уюму бул вирусту Aedes түркүмүндөгү чиркейлер алып жүрүшөрүн аныктаган. Бирок адамдан адамга жыныстык жол менен жуккан учурлар да белгилүү (аталган чиркей вирустуу Денге оорусун да таратат). Вирус биринчи жолу 1947-жылы Уганданын (Африка) Зика токоюндагы макак-резустарда (маймыл түрү) кездешкендиктен Зика аталышын алып калган. 2015-жылы Түштүк жана Борбордук Америкада активдүү жайыла баштаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-02

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(2)
Aidowi

01.09.2016. 20:58
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Малайзиялык туристтер биздин олкого келбесин эми!!!Зика вирусунун вакцинасы табыла элек.
ilgis1991

01.09.2016. 23:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай сактаа.Эбола бутуп Зика чыктыбы эми?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.