super.kg logo

Үңкүр-Тоодон өзбектер кармап кеткен Усупбаевдин жубайы: "Ушул сүйлөшүүдө жыйынтык болбосо, чогулуп акимчиликке барабыз"

 

Үңкүр-Тоодон 22-августта өзбектер кармап кеткен жарандар эмдигиче бошотулбай келишет. Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү улам өзбек бийлиги менен сүйлөшүүгө барганы менен, эч кандай жыйынтык чыккан жок. Кармалган кыргыз жарандарынын биринин кызы "атам ушинтип келбей калды" деп ыйласа, биринин апасынын кан басымы улам жогорулап, кайра-кайра ооруканага барып жатат.

"Апамдын кан басымы көтөрүлүп, өзүн жаман сезип, улам дарыгерлерге барып жатабыз. Өзүмдүн абалым да жакшы эмес. 10 күндөн ашты, күйөөм дагы эле өлкөбүзгө кайтарыла элек. Акимчиликтен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтышууда. 29-августта бизден баргандар сүйлөшпөй эле, "майрамга байланыштуу сүйлөшө албай калдык" деп келишти. Жыйынтык жок. Эми кайра 2-сентябрда барышат экен. Ошону күтөлү деп жатабыз. Тажап кеттик күтө берип... Мунусунда болбосо, туугандар болуп чогулуп акимчиликке барып, жыйынтык чыгарууну талап кылабыз", - дейт өзбектер кармап кеткен кыргыз жараны Нурбек Усупбаевдин жубайы Гүлсия Дооронова.

Кечээ, 1-сентябрда Нурбек Усупбаевдин баласы 1-класска барды. Тилекке каршы, ал уулун жетелеп мектепке алып барып, анын мектеп босогосун аттаганын көргөн да жок. Гүлсия Дооронова эс тартып калган уулу атасын сурап, сагынып, ыйлап жатканын айтат.

"Уулум 1-класска барды. Атасын кайра-кайра "Качан келет?" деп сурай берет. Сагынгандан кээде ыйлайт. Экинчи балам 8 айлык. Атам каза болуп калган. Апам да минтип ооруп кыйналдык", - деди Дооронова.

Нурбек Усупбаев үй-бүлөсүнүн жалгыз багуучусу. Бир үй-бүлөнү жалгыз адам кыйынчылык менен бага турганы анык. Эми минтип эки кичинекей балалуу үй-бүлө багуучусу жок күн өткөрүп жатат. Мындай үй-бүлөдөн учурда дагы үчөө бар экенин эске салсак.

"Нурбек жок, эптеп күн өтүп жатат. Эртерээк сүйлөшүп, чыгарып беришсе жакшы болмок. Башка кармалган кесиптештеринин үй-бүлөлөрү менен байланыша албай жатам. Алардын биринин үй-бүлөсү Бишкекке, Ак үйгө чейин барыптыр деп уктум. Биз ушул сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгын көрөлү деп турабыз", - дейт Дооронова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(15)
02.09.2016. 08:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Илгери журт башчыларыбыз баатырларыбыз элибизге кандай куйот эле. Азыркы чондорубуздун акыбалы бул. Эс алып келип баштай элек жатып кайра эс алууга кетишти тообоо. Бул жакта канчалаган орчундуу маселелерибиз турат, бироосу да айтып чыкпады койгула уят деп.
02.09.2016. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин чондордун колунан келбей калды окшойт
02.09.2016. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Abdurahman,ушуларга ишенген кайран элбизда,эми тойлоп ,айттап бутуп иштерине киришишет,шайланып алганча илбирстерден бери секиртип жибергилери келип кетет. Элибизканча жылдап дем алышы жок талаалап иштеп журушот,соз жок жеп жутарларга,парламенттик башкаруу керек беле бизге
02.09.2016. 08:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
акимчилик нени кыйратмак эле, президент унчукпай отурганда
02.09.2016. 08:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бугунда чечилбейт,Чет элдик ММК лар Каримовтун тажиясы бугун деп жазып жатышат.
02.09.2016. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
anyaza,Каримов олуптурбу тируу деп айтып атат го неге жашырып атышат тооба кылдым
02.09.2016. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
anyaza,
Тажиясы деп каерде жазылып турат аны тируу деп атышпады беле
Sharos3 түзөттү 2016-09-02 09:12:50
02.09.2016. 08:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акимчиликтен жыйынтык болбойт, Атамбаев референдумдун артында, депутаттар-министрлер оюн-кулку тамашанын артында, бир соз менен бийликке "некогда", ал эми акимчиликтин колунан бул ишти чечуу келбейт. Ошондуктан 100-200 адам чогулуп кайра тарап кетпей, эл баары чогулуп аягына чейин талап кылышы керек, бул элдин укугу. Эгер эл кайдыгер болсо Ункур-Тоо да Узонгу-Кууш, Каркырага окшоп берилип кетет. Элди элдин аттуу-баштуу азаматтары баштап чыгуу керек, бийликке "баары бир" болсо
02.09.2016. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Revolyutsiya, бузуку элди угуттобо
02.09.2016. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Деги эмне айтышынды да билбейсин чондорго!!! Эмне кылганда кыймылдайт булар озу??? Ак уйун да кок уйун да ХХХ ХХХ ХХХ эл алкыш айтат эле...
Модератор admin_portal түзөттү 2016-09-02 10:19:31
02.09.2016. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
din_tomas, провокация жарата тураган билдирүүлөргө тыюу салынат!
02.09.2016. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындап эле акыркы маалыматтар Ислам Каримовдун кайтыш болгонун тастыктап жаткандай.. Менимче бийлик Каримовду сактап калуу учун бар кучун жумшашты корунот жана майрамдан кийин оздорунун "юрт башы" менен коштошууну туура корушту менимче.Каримовду биз жаман коргонубуз менен Озбекистан сыймыктанса болот Каримов менен. Ал Орто Азияда Назарбаевден кийинки эн мыкты башкаруучу болду Озбекистандын кызыкчылыгын жогору коюп курошкон..
02.09.2016. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Экинчиден Озбекистандын башында Каримовдой катуу, тоталитардык башкарууга ыктабаган адам турганда Озбекистан эли оз ара жиктелип жанжалдар коп болмок, экинчи жагынан Озбекистан радикалдар-экстремисттердин уюгу, Каримов болбогондо Озбекистан Афганистан, Иракка айланмак...

Ал эми жакынкы 2-3 кун Озбекистан эли жана бийлиги аза кутооруно байланыштуу Ункур-Тоо маселеси жана 4 жараныбызды бошотуу белгисиз моонотко, эч болбосо кийинки жумага жылдырылмакчы...
02.09.2016. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Менин жеке оюм ал 4тону катуу сабап койгон болсо к,к
bekhaliev түзөттү 2016-09-02 11:29:58
02.09.2016. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жыйынтык чыгарышпайбы суйлошуп,кандай абалда отурушат,коруп оздору менен суйлошпойбу,эч тушунбодум жыйынтык жок келгендерге,уй-булосу гана тушунбосо калганына баарибир,качан олду дегенде 50000с акча берип коюшат болду.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: