super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 2-СЕНТЯБРЬ: Америкалык актёр Киану Ривз бүгүн 52 жашка толот

 
Киану Ривз жана Женнифер Сайм

Мындан 52 жыл мурун, 1964-жылы 2-сентябрда америкалык актёр Киану Ривз Ливандын Бейрут шаарында туулган. Анын чыгармачылыгы 9 жашында башталган. Алгачкы ийгилиги "Ромео жана Жульетта" спектаклинде Меркуционун ролу менен келген. Кийин ал түрдүү жарнамалык түрмөктөргө жана кыска метраждуу тасмаларга тартыла баштаган. Анын чыгармачылыгына өгөй атасы, режиссёр Пол Аарондун кошкон салымы чоң. Ал жаш Киануну кинопродюсер Эрвин Стофф менен тааныштырган. Анын жардамы менен 1999-жылы "Матрица", 2001-жылы "Таттуу ноябрь" ("Сладкий ноябрь") тасмаларына тартылып, атактуулуктун даамын тата баштаган. Андан соң "Азезилдин жактоочусу" ("Адвокат дьявола"), "Ылдамдык" ("Скорость") тасмаларындагы ролдору ийгиликтүү болгон.

1. Гавай тилинен Keanu "тоо үстүндөгү муздак шамал" дегенди түшүндүрөт.

2. Кианунун атасы Сэмуэль Ноулин Ривздин гавайилик жана кытайлык, апасы англиялык.

3. Киану эч качан күйөрмандарынын каттарын окубайт, себеби ал жакта жазылгандар үчүн жоопкерчилик алгысы келбейт. Андан көрө ал убакытты жакындары менен өткөрүүнү каалайт.

4. Киану жана карындашы Ким диcлексия (тилден калуу, окуй албагандык) менен ооруган. Андан улам ал түнт болуп калган дешет.

5. Киану балалуу болуудан коркот, себеби бул дүйнө аны чочулатып турат.

6. Актёр "Dogstar" тобунда бас-гитарада ойногон. 2002-жылы досу Роб Мейлхаузга кошулуп жаңы "Becky" тобуна кирген.

7. Бала кезинен хоккейге кызыгат, ошондой эле мотоциклсиз жашоосун элестете албайт. Анын 3 мотоцикли бар.

8. 2005-жылы 31-январда Киану Ривз голливуддук Даңк аллеясында өзүнүн жылдызын алган.

9. 2000-жылы ал Женнифер Сайм аттуу сүйлөшкөн кызы менен кыздуу болмок, бирок ал түйүлдүктө киндигиндеги тромбдон чарчап калган. Ал эми 2001-жылы Женнифер Сайм жол кырсыгынан каза болгон. Ал Лос-Анжелесте өлүү төрөлгөн кызынын жанына коюлган.

10. Ривздин жан сакчылары жана жардамчылары жок. Ал арзандатылган кийимдерди сатып алат, метродо жүрөт. Өзүнүн алгачкы үйүн 40 жашында сатып алган. Ага чейин 12 жыл бою мейманканаларда жашаган.

11. Карындашы ооруп калганда жумушун таштап аны баккан. "Киану - менин дүйнөм", - деп айткан карындашы Ким.

2-сентябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
03.09.2016. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аабдан таланттуу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: