Кыргыз футболчуларынын Филиппинге каршы беттешинде калыстык милдетти өзбекстандык Равшан Ирматов аркалайт

Кыргыз футболчуларынын Филиппин курамасына каршы беттешинде калыстык милдетти өзбекстандык Равшан Ирматов аркалайт. Жолдоштук беттеш 6-сентябрда Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо орун алмакчы. Оюнга 20:30да старт берилет.
КРнын Футбол федерациясы кабарлагандай, Ирматовго оюн алкагында анын жердештери Абдухамидулло Расулов менен Жахангир Саидов көмөктөшмөкчү.
Кошумчалай кетсек, 38 жаштагы калыс Дүйнө чемпиондугунда, Азия чемпиондуктарында, Олимпиада оюндарында калыстык милдетти аркалаганы менен белгилүү. Ал Дүйнө чемпиондуктарынын алкагында 9 оюнду тейлеп, бул жаатта рекорд койгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Бахадыр Кучкаровту жа кошуп албаптырда . Не болсода мурда чогуу иштешкен. Жолдоштук мелдештерге койуп койсо боло бермек.
анча сомдон