"Айчүрөк" соода борборунун жанында тургузулган жылкыга минип алган жигит катуу сынга кабылды (фото)



Август айынын акыркы күндөрүндө Бишкектеги "Айчүрөк" соода борборунун жанындагы фонтан комплекси толугу менен оңдолуп, ишке берилген. Бул жайда тургузулган жылкылар көпчүлүктүн көңүлүн бурдуруп жатат. Көбү анын фонунда гана сүрөткө түшүү менен чектелип келсе, бул салтты бузган жигит сууну кечип өтүп, жылкыга минип алган. Бул кылыгы менен ал социалдык тармактардагы активдүү мекендештерибиздин кыжырын кайнатты.
Активисттер "тарбиясы жок адам кайда болбосун тарбиясыздыгын кылат", "акылсызга сөз жок", "негизи, кыргыздардын түбү индейлерби деп калам, бул жапайычылык, башка сөз жок", "койсуңар десе арданышат" деген пикирлерин жазышты.
Ошондой эле кыргыз эли көчмөн калк болгонун жана айрымдардын жылкы көргөндө кармана албай каларын тамаша иретинде жазгандар да болууда.


Бул балага айып пул салыш керек да он беш кун камакка алыш керек
Бүткөн ишке сынчы көп))))
Сен барып площаддагы манастын эстелигине
барып учкашып ал анда
Бул ЦУМ
Кичине бала болсо жарашмак эле
Коомдук эреже деген бар го,ал эстелик минуу учун эмес шаардын кооздугу учун жасалган,элдин баары бир жолудан минип чыкса эки кундо сынып түшөр.
Болушасынар.
Козунорго кандай корунуп атат,
неужели приятно?
Тарбиясы жок учун миндида, тарбия коргон
адептуу бала биринчи ойлонуп иш кылат
Ошол жерге жазып коюш керек болчу администрация минсе же сууга тушсо мынча сом штраф же обеькт корголуп турат ( охраняется) деп. Майрамда айылдан келгендер кайдан билишсин. коруп мингиси келди да.
Эскертуу жазып койбогондон кийин айып пул салалбайт.
Элдин баары эле сендей акылдуу эмес да (коруп турганындай).
Тушунбогон, билбегендер учун эскертип жазуу соссуз керек.