Жалал-Абад шаарында окуучулар жолдо жүрүүнүн эрежелерин үйрөнүшүүдө




Жалал-Абад шаарында жаңы окуу жылынын башталышы менен жолдо жүрүүнүн эрежелерин сактоо боюнча иш-аракеттер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда SUPER.KG порталына Жалал Абад ОИИБинин Жол-патрулдук милициясынан Нурлан Саркаров билдирди.
"Жаңы окуу жылынын башталышы менен өздүк курамдын тийиштүү кызматкерлери аймактарга бөлүнүп, мектептерде жолдо жүрүүнүн эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп башташты. Милициянын өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору ар бир окуучу менен жекече иштешип, коопсуздукту камсыздоо аракеттерин көрүшөт", - деп билдирди Саркаров.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.