Аксыдагы Үңкүр-Тоого Өзбекстандын тик учагы конду
Аксыдагы Үңкүр-Тоого Өзбекстандын тик учагы конгонун SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун билдирди. Анын айтымында, тик учак бүгүн эртең менен Үңкүр-Тоого келип конуп, 5-10 мүнөттөн кийин кайра учуп кеткен. Ал эми өлкөдөгү айрым маалымат агенттиктери Үңкүр-Тоого эки тик учак конгонун жана бири кайра учуп кеткенин жазышууда.
Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы, Аксы райондук ички иштер бөлүмү эч кандай маалымат берише элек.
Айта кетсек, 22-август күнү Аксыдагы Үңкүр-Тоого Өзбекстандын тик учагы келип конуп, 7 милиция кызматкерин таштаган. Кийин Үңкүр-Тоодогу станциянын 4 кызматкери өзбекстандык милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, райондук Ички иштер бөлүмүнө алынып кеткенин Чек ара кызматы 24-августта билдирген.
Үӊкүр-Тоого эки учак келип конду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:47
2025-11-09
15:57
2025-11-09
15:47
2025-11-09
15:11
2025-11-09
14:28
2025-11-09
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















Дагы эмне болуп кетээр экен
Табаа эмес жиним келип атат чондорго.
Тушунбой - баса бергиле.
Барымтадагы 4 адамды унутуп 12 кунго тараганы эмнеси
Биздикилерге той керек экенда аларга жер керек экенда а?
тик учак-вертолёт
Провокация жана колдонуучулар арасында түшүнбөстүктөрдү жараткан билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат!