"Үңкүр-Тоо маселесин бийлик чечпесе, өзүбүз чечебиз деп оолуккандар бар" дейт Жаңы-Жол айылдык кеңешинин депутаты Жанарбек Надырбеков

Үңкүр-Тоону өзбек милициясынан бошотуу талабы менен эл чогулууга даяр экенин Аксы районундагы Жаңы-Жол айылдык кеңешинин депутаты Жанарбек Надырбеков SUPER.KG порталына билдирди. Бирок андай кадам менен провокация жасабоого чакырып жатканын кошумчалады.
"Негизинен Аксы тынч эле, эч ким жулкунуп чыгып кеткен жок. Болгону нааразы адамдар көп. Биздин элге бийлик өкүлдөрү Үңкүр-Тоо боюнча эч кандай чечкиндүү кадам жасабай жаткандай сезилип жатат. "Бийлик эч нерсе кыла албаса, биз өзүбүз чогулуп барып, аларды чыгарууга даярбыз" деген балдар көп. Менин деле 500дөй адамды чогултуп алып барганга мүмкүнчүлүгүм бар, бирок андай боло турган болсо, кан төгүлүшү мүмкүн экенин билип турабыз. Андыктан сабырдуулукка чакырып, күтөлү деп жатабыз", - дейт Надырбеков.
"Мындай сөздү бийлик бул маселени эртерээк чечип берсин деген максатта айткан болчубуз. Биздин 4 жараныбызды алып кетишкенине 10 күндөн ашты, алар эмне болгондору тууралуу маалымат жок. Эртең Көчмөндөр оюндары башталса, андан кийин Курман айт... Бул маселени чечүү дагы бир канча убакка жылат. Маселени чечкиле, болбосо өзүбүз чечебиз" деп оолуккан адамдар бар", - деди депутат.
"Мен таптакыр бийлик бул маселени чечпейт дегенден алысмын. Эгер алар көңүл бурбай коё турган болсо, бул жак жакшылык менен бүтпөй калат. Менимче, милиция кызматкерлерин Өзбекстан алып чыгып эле кетет. Аларга деле коңшулар менен жаңжалдашуунун кереги жок", - деген оюн айтты.


Барбы биздин милиция ал жакта
4 адамдын ордуна 120 депутат менен
президентти кошуп алмаштырып койсо
Сонун болмок