Бишкек шаарынын Орозбеков көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө

Бишкек шаарынын Орозбеков көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Орозбеков көчөсүндөгү оңдоп-түзөө иштери Токтогул көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки аралыкта жүргүзүлүп жатат. Мындан улам жол кыймылы унаалар үчүн токтотулуп, жабылган.
Белгилүү болгондой, жолдун оңдоо иштери сентябрь айынын соңунда аяктайт. Мында айдоочулар жана жөө жүрүүчүлөр үчүн жол жана жер астынан өтүүчү түтүктөр оңдолот. Оңдоо иштерин "Мостдорстрой" курулуш компаниясы ишке ашырууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.