Түркиянын премьер-министри өзбек элине көңүл айтты

Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым өлкөнүн өкмөтүнүн жыйынында сүйлөп жатып Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун дүйнөдөн кайтканына байланыштуу көңүл айтты. Премьер-министр бул маалыматты кайдан алганын тактап айтпаганын "РИА Новости" басылмасы жазып чыкты.
“Өзбекстандын президенти Ислам Каримов дүйнө салды. Кудай анын жанын бейиште кылсын. Түрк элинин атынан жалпы өзбек калкына терең кайгыруу менен көңүл айтам”, - деди Йылдырым.
Бүгүн, 2-сентябрда "Reuters" басылмасы Өзбекстандын бийлигиндеги 3 дипломаттын билдиргенине таянып Ислам Каримовдун каза болгондугун жазып чыккан. Мындан соң маалымат айдыңында президенттин көрү казылып жатканы, Самаркандда түнү менен ишембилик иштери жүргүзүлгөндүгү тууралуу кабарлар тарады. Бирок өзбек өкмөтү суук кабарды тастыктаган жок. Болгону жергиликтүү ММКларда Каримовдун өтө оор абалда ооруканада жаткандыгы тууралуу маалымат берилди.




телефон чалгандай эле чала алат болуш
керек, эми 4 кыргызды алып кетэри менен
эле атамбаев сразу суйлошуп бутуруп койсо
болот беле. Эми качан чечилет?
Бизде деле жакын адамындан айрылып
атсан конул айтабыз деп арак алып
келип алышат да оздору ичишип жыргашат
чынында
баарына конул айтып аттыле,кечеки кыздарыбыз
откондо эч кимиси конул айтпадыго??
Же мен окубадымбы?