Бишкектеги "Ош базарында" аялдын баштыгын уурдап качкан жаран кармалды
11-апрелде Бишкектеги "Ош базарынан" 57 жаштагы А.Т. аттуу аялдын баштыгын колунан жула качкан жаран көп узабай кармалды. Бишкек шаарынын ИИББинин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя тууралуу жабырлануучу аял базар ичинде катуу кыйкырган. Ошол замат Ленин РИИБинин кызматкерлери дароо уурунун артынан түшкөн. Кармалган адам Чүй облусунун 28 жаштагы Ж.К. аттуу тургуну экендиги, ал мурда баңгизатты мыйзамсыз сактоо боюнча жоопко тартылганы белгилүү болду. Учурда кылмышка шектүү СИЗОго киргизилди. Эгерде сот бул адамды айыптуу деп тапса, анда ал 2-3 жылга эркинен ажыратылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.