Ислам Каримовду миңдеген ташкенттиктер көзүнө жаш алып узатышты
Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун сөөгү салынган учак Ташкенттен Самаркандды көздөй учуп чыкты. Бул тууралуу "РИА Новости" басылмасы бүгүн, 3-сентябрда жазып чыкты.
Кечээ, 2-сентябрда Өзбекстан бийлиги 78 жаштагы президенттин каза болгондугу тууралуу расмий билдирүү тараткан.
"Өлкөдө 3 күндүк аза күтүү жарыяланды. Президенттин кортежин таң атпай миңдеген ташкенттиктер узатышты. Кортеж "президенттик жолдон" өттү. Жол бойлоп турган адамдар унааларга гүл ыргытып, дуба кылып узатышты. Көпчүлүк тургундар көздөрүнө жаш алышты", - деп жазган басылма.
Өзбек эли: "Рахмат сизге, журт башчы!"
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:50
2025-11-20
22:07
2025-11-20
Рейтинг:
2
2

Супер-Инфо
super.kg видео
















Кыргызстан гулдоп онугун кетмек