Ислам Каримовдун сөөгүн Самарканддын тургундары гүлдөр менен тосуп алышты





Ислам Каримовдун сөөгүн Самарканддын тургундары гүл менен тосуп алышты. Бул тууралуу "РИА Новости" басылмасы жазды.
"Коштошууга келген эл аэропорттон Самаркандга чейин жолдун четинде турду. Эркектердин көбү кара шым, ак көйнөк, аялдар улуттук көйнөктөрүн кийип келишкен. Көбүнүн колдорунда гүлдөр бар, айрымдары ыйлап тосуп алышты", - деген аталган басылманын кабарчысы.
Президенттин сөөгүн алып бара жаткан кортеж Самарканддын борборундагы Регистан аянтына өттү. Ал жерден Каримов менен коштошуу иш-чарасы өтөт. Андан ары Шахи-Зиндага алып кетишет. Акыркы 20 жылда ал жакка эч ким коюлбаганы маалым болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:15
2025-06-30

18:58
2025-06-30

17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Назарбаев казахстанды вообще гулдотуп койду,
А биздин акаев, бакиев, отунбаева,
атамбаевдер
оздору гулдоп дуйнодогу алдынкы байлардын
эсебине кирет. Кыргызстандын экономикасын талкалап салышты
Бизге Каримовдой президент келиши кыйын
болуп калдыго, биздин чондор байлык учун
иштеп калды. Биздин илгерки хандарыбыз
эч кимиси байлык деген эмес