Сооронбай Жээнбеков Ислам Каримовду акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышуу үчүн Самаркандга барды








Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков башында турган Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы бүгүн, 3-сентябрда Өзбекстан Республикасына аталган өлкөнүн президенти Ислам Каримовду акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышуу үчүн барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Ал эми Алмазбек Атамбаев өзбек элине жана Сенаттын төрагасына көңүл айтып, кат жолдогон.
"Залкар мамлекеттик ишмер, күжүрмөн саясатчы, Өзбекстандын алмаштырылгыс лидери Ислам Каримовдун каза болгонун терең кайгыруу менен кабыл алдым", - деп айтылат маалыматта. Эскерте кетсек, мамлекет башчы бүгүн, 3-сентябрда Чолпон-Атада өтчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышмакчы.
Жалпысынан президентти акыркы сапарга узатууга 17 мамлекеттин делегациясы катышары маалым болду.
"17 өлкөдөн делегациялар келди. Коштошуу зыйнатына баары даяр. Самаркандга Тажикстан, Түркмөнстандын президенттери, Беларусь, Грузия, Казакстан, Орусиянын жана Кыргыз өлкөсүнүн премьер-министрлери, Кытай, Түштүк Корея жана Украинанын вице-премьерлери келишти", - деп жазган "РИА Новости".

Узбекистан не кылды? Жерибизди басып алып,уруш чыгарып ,Ошту бизге бергиле деп. Буларга жакшылык жакпайт. АША эң туура кылды. өзбек менен достошсоң жаныңда кылычың болсун
Атамбаев пенделик парзын ойлобогондо да Озбекистандын эртен такка отурчу лидерлери менен жакшы мамиледе болгону дурус. Кыргызстан Россия же Казахстан эмес Озбекистан менен каалагандай суйлошо ала турган...