Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун сөөгү Шахи-Зинда көрүстөнүнө коюлду
Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун сөөгү Шахи-Зинда көрүстөнүнө бүгүн коюлду. Бул тууралуу "РИА Новости" басылмасы жазды.
Коштошуу зыйнаты түштөн кийин Регистан аянтындагы "Тилля Кори" мечитинде өттү. Бул жерден муфтий Усмонхон Алимов жаназасын окуду. Андан соң Каримовдун сөөгү 21 метрлик кепинге оролуп, Шахи-Зинда көрүстөнүнө апасынын жана 2 бир тууганынын жанына коюлганы маалым болду.
Маркумдун сөөгүн көрүстөнгө мусулмандардын салты боюнча туугандары жана жакындары алып барышты. Регистандан көрүстөнгө чейин 2 чакырым. Акыркы 20 жылда Шахи-Зинда көрүстөнүнө эч ким коюлган эмес.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:37
2025-06-30
Рейтинг:
0

Өлүм үчүн бирдей сенин катарын..."деген ушул тура.
Бийлик көргө эрчибейт
Көз жумуп кетсең бир күнү
Ханды деле эл көмөт
Экинчиден бизде шайлоо деген аты болгону менен 25 жылдан бери президенттерди компьютерлер шайлап келет, т.а. шайлоонун жыйынтыгын бурмалап, оздорун оздору президент шайлап алат, Атамбаев да исключение эмес.. Анан эл озу шайлабаган президентти кантип урматтайт?!!