super.kg logo
  Спорт  

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы алгачкы медалдар, Кырчындагы маданий фестиваль

 

Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо болгон иш-чаралар:

16:25. Кийинки мелдеш - уландар арасында таяк тартыш боюнча 7 комплект медаль ойнотулду. Мелдеш бир эле учурда Дүйнө чемпиондугу макамына ээ болуп, спортчулар 2 мелдештин чемпиондугу үчүн кармашып жатышты.

Тилекке каршы, 7 салмак категориясында бир дагы спортчубуз финалга чыга алган жок. Жыйынтыгында 5 спортчубуз коло медалдарды тагынышты.

Эл аралык мас-рестлинг федерациясынын демилгеси менен оюндарда 1-орунду ээлеген спортчуларга 35 миң сом, 2-орун ээлерине 30 миң сом акчалай сыйлык ыйгарылды. Ал эми 3-орун ээлерине 20 миң сомдон берилди.

60 килограмм:

1-орун. Игорь Дьяконов (Орусия)

2-орун. Валери Адамадзе (Грузия)

3-орун. Нарек Тадевосян (Армения), Азамат Асанов (Кыргыз Республикасы)

70 килограмм:

1-орун. Афанасий Платонов (Орусия)

2-орун. Ховхан Хованясян (Армения)

3-орун. Олексий Кушнир (Украина), Кудайназар Алимов (Кыргыз Республикасы)

80 килограмм:

1-орун. Анатолий Гладков (Орусия)

2-орун. Карен Мартиросян (Армения)

3-орун. Султан Агаев (Азербайжан), Роман Григорьев (Казакстан) – 20 000 сом

90 килограмм:

1-орун. Павел Черноградский (Орусия)

2-орун. Пол Шон Коуч (АКШ)

3-орун. Хади Вафаепур (Иран), Азат Таштанбеков (Кыргыз Республикасы)

105 килограмм:

1-орун. Виктор Докалов (Орусия)

2-орун. Микола Савостяненко (Украина)

3-орун. Андрей Цой (Кыргыз Республикасы), Вячеслав Абросимов (Кыргыз Республикасы)

125 килограмм:

1-орун. Анатолий Байшев (Орусия)

2-орун. Жейкоб Финерти (АКШ)

3-орун. Стефан Секеж (Норвегия), Доминик Жухаш (Венгрия)

125 килограммдан жогорку салмак:

1-орун. Звяд Кажая (Грузия)

2-орун. Виктор Колибабчук (Орусия)

3-орун. Антанас Абрутис (Литва), Лисис Мартинс (АКШ)

15:42. Көк бөрү боюнча беттештер өтүүдө. Муляж оюнга даяр болбогондуктан, анда кадимкидей улак тартылып жатат. Буга чейин "муляж тартылат" деп элди дуу көтөргөн уюштуруучулар мунун себебин муляждын оюнга даяр боло электиги менен түшүндүрүштү. SUPER.KG порталына Улуттук оюндар боюнча дирекциянын башчысы Алмаз Касенов буларды айтып берди: "Биз муляжды жасап, даярдап койгонбуз, бирок бир-эки мелдеште сынап көрүп, айрым кемчиликтер пайда болуп калды. Ал кемчиликтерди жойгонго убакыт керек болуп жатат. Улакчылар муляжды аз убакыт мурун гана кармап көрүшкөндүктөн, көнө албай калат деген кооптонуу менен Көчмөндөр оюндарында теке тартууну туура көрдүк".

Кыргыз мамлекети көк бөрү оюнун ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизүү аракетин көрүп келет. ЮНЕСКО буга чейин жандыктарды аёосуз кордоого каршы экенин белгилеп, көк бөрүнү тизмеге каттоо үчүн улактын ордуна муляж жасап чыгууну сунуштаган.

11:55. Бул күнү мас-рестлинг боюнча 14 комплект медаль ойнотулууда. Алгач кыз-келиндер арасында чемпиондор аныкталды. Кыргыз спортчуларынын атына жазылган алгачкы алтын медалды таяк тартыштан Ольга Шайнурова багындырды. Бул ийгиликти 85 килограмм салмакта жаратты.

Бардык салмактардагы байге ээлери:

55 килограмм салмакта

1-орун. Валита Горельчники (Грузия)

2-орун. Анна Охлопкова (Орусия)

3-орун. Розалия Тилегенова, Дилбара Иманкулова (Кыргыз Республикасы)

65 килограмм салмакта

1-орун. Марина Федоренко (Орусия)

2-орун. Эльмира Эзиями (Казакстан)

3-орун. Милена Трофименко (Өзбекстан), Клаудия Виэчзорек (Польша)

75 килограмм салмакта

1-орун. Туяра Орлова (Орусия)

2-орун. Алина Таларчык Магдалена (Польша)

3-орун. Елена Аитова (Өзбекстан), Ольга Сукач (Украина)

85 килограмм салмакта

1-орун. Ольга Шайнурова (Кыргыз Республикасы)

2-орун. Олеся Гуреева (Өзбекстан)

3-орун. Саина Седалищева (Орусия), Ирина Миронова (Кыргыз Республикасы)

85 килограммдан жогорку салмакта

1-орун. Татьяна Григор (Орусия)

2-орун. Айчүрөк Эргешова (Кыргыз Республикасы)

3-орун. Иванна Михайлюк (Украина), Сураё Шаропова (Казакстан).

10:39. Бүгүн, 4-сентябрда II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында бир катар спорт түрлөрү боюнча мелдештер орун алмакчы. Уюштуруучулар түзгөн программанын негизинде спорт сүйүүчүлөрү көк бөрү, таяк тартыш (мас-рестлинг), казак күрөшү, тогуз коргоол, ордо сыяктуу спорт түрлөрү боюнча мелдештерге күбө боло алышат.

Ат майданда жана анын жанында жайгашкан Ден соолукту чыңдоо борборунда боло турган оюндар:

09:00. Көк бөрү боюнча мелдештер;
09:00 - 12:00. Таяк тартыш (мас-рестлинг боюнча финалдык беттештер);
12:00 - 18:00. Казак күрөшү;
09:00 - 18:00. Интеллектуалдык оюндар (тогуз коргоол, манкала);
10:00. "Көгүлтүр Ысык-Көл" пансионатында ордо оюну;
15:00 - 18:00. Кырчын жайлоосунда салбуурун (бүркүт салуу, далба ойнотуу).

Ушул эле күнү II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү, таяк тартыш (мас-рестлинг), казак күрөшү, тогуз коргоол, ордо сыяктуу спорт түрлөрү боюнча мелдештер өтүп жатат.

Кырчын жайлоосунда болуп өткөн иш-чаралар:

17:00. II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда кол өнөрчүлөрдүн улуттук буюмдары жана улуттук тамак-аштар көргөзмөсү болууда. Көргөзмөгө 500гө жакын кол өнөрчүлөр катышып жатат.

Нарын облусунан келген Курманбек Сартматов териден ар кандай буюмдарды өзү жасайт.

"Бул иш менен 25 жылдан бери алектенем. 100 миң сомдук ээрди 10 күндө жасайм. Камчынын сабына күмүш аралаштырылса, 10 миң сомго чейин болот", - дейт Сартматов. Ал жасаган буюмдарын Көчмөндөр оюндарынын акагында өтө турган көргөзмөгө алып келген.

16:48. "Көчмөндөр ааламы" фестивалына тамак-аш, улуттук кийимдер, боз үй жасалгалары, айтыш боюнча артисттердин, даярдоочулардын, катышуучулардын саны 7500 болду. Ачылышка өлкө боюнча чакырылган чыгармачылык топтордогу маданият кызматкерлеринин саны - 800, каскадёрлордун, атчандардын саны - 400, ал эми Маданият үйлөрүнөн чакырылгандардын саны - 800.

Этношаарчада 350 боз үй болсо, андан сырт жайгашкан боз үйлөр тейлөө үчүн тигилген. Этношаарчада темирден жасалган бир дагы боз үй жок.

"Бул жакка 15 күн мурун келип, боз үйлөрдү тигип, даярдана баштаганбыз. Көчмөндөр кандай жашаса, бүгүн ошону так чагылдырууга аракет кылдык. Миң метрлик "Хан ордого" ар бир облустун эң мыкты делген боз үйлөрү тигилди. Ар бири ата-бабаларыбыздын салты менен, нукуралыгы менен сынакка катышууда. Бүгүнкү аземдин акырында жеңүүчү аныкталат. Калыстар тобундагылар үчүн жободо "эч жакка тартпашы керек" деп жазылган, андыктан адилетсиздик болбойт деп ишенебиз", - дешти фестивалдын уюштуруучулары.

Даярдоо маалында кыйынчылыктар болгону менен, жыйынтыгы жакшы болгонун белгилешти уюштуруучулар.

15:30. II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына көрүүчүлөр, спортчулар гана келбестен, каражат табуу максаты менен келгендер да бар. Бири ат, төө мингизип, бири куштары менен сүрөткө түшүрүп акча табат. Алардын бири Жума Темирканов Кырчын жайлоосунда төө мингизип конокторго кызмат көрсөтүүдө. Ал эки өркөчтүү төөсүн 5 мүнөт мингизгени үчүн 300 сом алат. Төөсүн чет элдиктер жана жергиликтүү эл минип жатышат. Ал эми бүркүт менен сүрөткө түшүүнүн баасы 100 сом.

"Тапкан акчама бүркүткө эт, азык алам. Бүркүтүмдүн аты - Алгыр, 1 жашта. Күнүнө 300 грамм эт жейт", - дейт мүнүшкөр Таалай Төлөгөнов.

Мындан сырткары ат мингендер үчүн 1 мүнөтү 10 сом, Кырчынды айланып чыгуу 500 сом экенин аттын ээси Тилек Эшбаев айтты.

14:00. II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата Кырчын жайлоосуна этношаарча курулуп, 600дөн ашуун боз үй тигилип, казан-казан эт бышырылууда. Жайлоодогу иш-чаранын жүрүшүндө улуттук буюмдардын көргөзмөсү өтүп, кыргыз элинин каада-салты, басып өткөн тарыхы, театрлаштырылган оюндар көрсөтүлдү.

Жалал-Абаддан оюндарды көрүүгө келген Жумагүл Шайыкова бул иш-чара менен сыймыктанып жатканын билдирди: "Оюндардын даярдыгы мыкты экен. Көрүп рахат алып отурам. Аталардын басып өткөн жолун сахнадан көрүп, алар менен сыймыктанып кеттим".

Көчмөндөр оюндарына кытайлык кыргыздар да келишкен.

"Кызыл-Суудан атайын оюндарды көргөнгө 100 адам келди. Биз кыргыз элин, мекенибизди сагынабыз. Мекенге келсек кусалыгыбыз жазылгансыйт", - дейт кытайлык кыргыз кызы Мунара Абдурасулова.

Кырчын жайлоосундагы салтанатка актёр Стивен Сигал да катышууда. Актёр менен вице-премьер-министр Жеңиш Разаков бирге аземге күбө болуп жатат. Иш-чарада кыргыз жигиттери кыз куумай, эр эңиш, улак тартыш оюндарын сахналаштырып аткарышты. Стивен Сигал кыргыз элинин улуттук оюндарын көрүп, кол чаап отурду. Ал оюндун кызыктуу жерлерин өзүнүн уюлдук телефонуна сүрөткө тартып жатты.

01:00. II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылуу аземине 62 өлкөнүн өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгынан билдирди.

Аземдин ачылышына белгилүү киноактёр Стивен Сигал да катышты. Салтанаттын башталышында сыйлуу конок катары актёр эл алдына чакырылды. Ал кыргыз атын минип ат майданына чыкты.

Иш-чаранын жүрүшүндө ат үстүндө ойногон кыргыз жигиттери өз өнөрлөрүн тартуулашты. Кооптуу делген ат трюктарынан кыргыз жигиттери ат үстүндө күйүп жаткан трюкту аткарышты. Салтанатта улуттук кийим кийген миң комузчу "Маш ботой" күүсүн чертти. Мындан сырткары "Ак Бакай" күүсү жаңырып, бүтүндөй дүйнө элинин назарына сунушталды.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(40)
04.09.2016. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ийгилик
04.09.2016. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
катамамес каттама болсо керек э
05.09.2016. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
KaiMak, ооба ошондой
04.09.2016. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
жаман эмес
алгы кыргызымдын спортчулары!

04.09.2016. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Эң биринчи орунду Кыргызстан алсын жалпы медаль боюнча
04.09.2016. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Озбекстан келбейт деп окудум беле адашпасам?
04.09.2016. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
bom.bon,Өзбекстан келген.. Болгону парадка чыккан жок.
04.09.2016. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Abdyrawit,эмнени коруп аттын парадка чыктыго
04.09.2016. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
blood,озбекстандыктар парадка чыгышпады. Болгону кыргыз кызы озбек байрагын которуп отуп кетти. Нары жактан Озбекстаа-аан деп кыйкырып койду. Болду, кыргыз кызынын артында эч ким жок эле.
04.09.2016. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
orun,Озбекстанда парадтан отту,келишиптир бир эмес кооп эле
05.09.2016. 04:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
bakulya2015,Озбекстанда уч кун бою аза кутуу. Ошон учун алар парадка чыгышпады. Озбекстанда деле, Кыргызстанда деле парадка чыгышпады. Бирок оюндарга катышууда. Алар оз мекенинде аза кутуу болгондуктан парадка чыкпоону суранышкан.
05.09.2016. 08:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
blood,bakulya2015, Өзбекстан 2014 жылда чыгышкан, 2016 жылда Президенти өлгөнүнө байланыштуу парадка чыкпоону туура көрүшүптүр. Бирок оюндарга катышып жаткандыгы үчүн, Өлкөнүн аты парадта айтылды.
blood мен спорт оюндарына көп кызыгамын. Андыктан өткөрүп жибербей ар бирин көрүп жатамын.
Abdyrawit түзөттү 2016-09-05 08:45:11
04.09.2016. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Рио медалдарын оздору алып, калыстык кылбай койгондой болбой, бизде баары калыстык менен! Буйурса!
05.09.2016. 05:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
AIZAD,
эмне алар калыстык кылбай өздөрү алып койду дейсиңби?
04.09.2016. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Медал боюнча бирди алышыбыз анык
04.09.2016. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уже Орусия биринчиликке чыгыптыр го)))
04.09.2016. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
көк бөрү ойунунда США менен Россия ойноду эле, СШАны ит мышык кылды го кыргыз жигиттери...
04.09.2016. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эмнеге казак курош,кыргыз курош барбы
04.09.2016. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
erlist, бар, алыш менен Кыргыз курошу.
04.09.2016. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Командалык эсепте Кыргызстан биринчи орунду алышы керек.
04.09.2016. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Коп медальды Орусия алганго.
04.09.2016. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алга кыргыз элим
04.09.2016. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алга Кыргызстан
04.09.2016. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Лейлек күрөшү дагы барбы)))
04.09.2016. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Супер инфо Кырчында болуп жаткан акындардын айтышы боюнча да маалымат берип коюңуздарчы. Алдын ала рахмат!
04.09.2016. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Каада салтты чагылдырылган оюн зоок укмуш сонун отту ээ туугандар, катыщкан жарандарыбызга таазим,дуйнолук денгээлдеги актерлордой аткарышты азаматтар.
04.09.2016. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сонун өттү буюрса, кандай гана комузчулар күүчертишти, элдин оозун ачырышты, мыкты өттү ачалыш аземи, уюштуручулар силерге таазим.
04.09.2016. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оруссия катуу кетптирго
04.09.2016. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга Кыргызстан. Эми ушул жактан алгыла
04.09.2016. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таяк тартыштагы алтындарды орустар уруп кетиптирго.
04.09.2016. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
орустар кеттиго риодогу америкадай эле...
05.09.2016. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
elmurat.kg,Америкага жетиш учун коп бар дагы Риодо медалдардан чанына да жеткирбей чаап кеттиго АКШ м
04.09.2016. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
неге акча аз аздан берилтат
200 300 500 мин кылса болотле...уткан акчаларына айланып келишет экенда
озбекстандыктар чыкты президенти себеп шаан шокот м.н чыгышпады...туура тушунушту баары
04.09.2016. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул берилип жаткан акчалар закуска болуп калатко аларга
05.09.2016. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буркут кондуруп турган бала интернетте звезда болгон,Дрыш'эмеспи? окшотуп жибердим го.
05.09.2016. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик баарына
05.09.2016. 02:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azyr ele Achyluu azemin kordum... Syimyktanuu menen kordum.Alga Kyrgyzstan! Alga!
05.09.2016. 05:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биринчи орунга 35 миң сом экен))) доллар менен берсең . Чет өлкөлүк уткан спортчу өзү уялып кетсе керек эле.
05.09.2016. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бизде допинг текшеребиз ?
05.09.2016. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматту Super.kg учурда медалдар боюнча биринчи экинчи оорунду кайсыл өлкөлөр камсыздоодо? Ушул боюнча кененинээрк маалымат берип турсаңыздар жакшы болмок. Размат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: