super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 4-СЕНТЯБРЬ: Мындан 35 жыл мурун америкалык ырчы, актриса, бийчи, продюсер жана дизайнер Бейонсе төрөлгөн

 
Күйөөсү Жей Зи менен
Концерт учурунда

Мындан 35 жыл мурун, 1981-жылы 4-сентябрда америкалык ырчы, актриса, бийчи, продюсер жана дизайнер Бейонсе АКШнын Хьюстон шаарында төрөлүп-өскөн. Бейонсенин толук аты - Бейонсе Жизель, фамилиясы - Ноулз.

2002-жылы рэпер Жей Зи менен жаздырган “Bonnie Clyde” дуэти Бейонсени жеке ырчы катары тааныткан. Ал актриса катары өзүн сынап, биринчи жолу “Фредди Жейсонго каршы” аттуу ужас жанрындагы фильмге тартылган. 2002-жылы “Auston Powers 3 The Goldmember” аттуу кинодо башкы ролду аткарып, бул кинодо жараткан ролу сынчылар тарабынан жогору бааланган.
Бейонсе тууралуу кызыктуу фактылар:
1. Бейонсе өзүнүн келбетинен уялчу. Ал толуп кетпеш үчүн ар дайым диета сактайт.
2. Куурулган тоок этин жана жаңгагы бар балмуздакты жакшы көрөт. Тамак жасаганды билбейт, андыктан бул жумушту жаман көрөт.
3. Анын "Dangerously in Love" жеке альбому 4 "Грэмми" сыйлыгына ээ болгон.
4. Бейонсенин атырга аллергиясы бар, бирок бир нече үй атырларын жарнамалайт.
5. Бош убагында сүрөт тартат, бирок элге көрсөтпөйт.
4-сентябрдын жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: