ЖЫЛНААМА, 5-СЕНТЯБРЬ: Мындан 380 жыл мурун Америкадагы эң байыркы Гарвард университети түптөлгөн

Мындан 380 жыл мурун, тагыраагы, 1636-жылы 5-сентябрда Америка Кошмо Штаттарындагы эң байыркы университет - Гарвард университети негизделип, англиялык миссионер Жон Гарварддын атын алган. Дүйнөдөгү эң абройлуу деп эсептелген Гарвард университетинен АКШнын 8 президенти жана 75 "Нобель" сыйлыгынын ээлери билим алышкан. Алар:
1. АКШнын 2-президенти Жон Адамс
2. АКШнын 6-президенти Жон Куинси Адамс
3. АКШнын 19-президенти Резерфорд Хейз
4. АКШнын 26-президенти Теодор Рузвельт
5. АКШнын 32-президенти Франклин Рузвельт
6. АКШнын 35-президенти Жон Кеннеди
7. АКШнын 43-президенти Жорж Буш
8. АКШнын 44-президенти Барак Обама
Бул дагы толук тизме эмес. Дүйнөдөгү миллиардерлердин көбү да дал ушул Гарвард университетин бүтүргөндөр. Ошондой эле Facebook социалдык тармагын түзгөн Марк Цукерберг, "Майкрософт" корпорациясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс да аталган окуу жайда билим алган.
5-сентябрдын жылнаамасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Arslan12

05.09.2016. 19:50
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балдарым окуса арманым жок эле ушул жерде!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.