ЖЫЛНААМА, 6-СЕНТЯБРЬ: Хит ырлардын аткаруучусу, орусиялык ырчы Юрий Шатунов 43 жашка толду
Юрий Шатуновдун жаш кези


Юрий Шатуновдун жаш кези


Ырчы үй-бүлөсү менен
Бүгүн, 6-сентябрда орусиялык белгилүү ырчы, "Ласковый май" тобунун солисти Юрий Шатунов 43 жашка толду. Ал Башкортостандын Кумертау шаарында төрөлгөн. 3 жашка толгондо ата-энеси ажырашып, 8 жашында энеси жүрөк оорусунан улам каза болгон. Юрий 12 жашка чейин таежесинин колунда чоңоюп, андан кийин жетимдер үйүндө тарбияланган. Бир жылдан кийин Оренбург шаарындагы №2-интернат-мектебине которулган.
Юрий Шатунов алгачкы жолу "Ласковый май" тобу менен 1986-жылы 28-декабрда интернаттын жаңы жылдык бий кечесинде ырдап чыккан. Буга чейин музыкага көңүл кош мамиле кылганы менен, дал ушул күндөн тартып жаш талант музыкадан башка кызыкчылыктарынын баарынан алыстоого аргасыз болгон. Топко келгенге чейин жаш болсо да, ар кайсы Маданият үйлөрүнөн суранып жүрүп эң алгачкы "Белые розы" ырын жарыкка алып чыккан. Көп узабай ыр бүткүл Советтер Союзунун элине тарап, хит ырга айланат.
Ал "Ласковый май" тобунун эң көрүнүктүү солисти катары чыныгы жылдыздардын катарын толуктап, ал гана эмес, эң популярдуу болууга жетишкен. "Месяц июль", "Метель в чужом городе", "Звёздная ночь", "Розовый вечер" альбомдору менен бүтүндөй СССР элинин жүрөгүн багындырган “Ласковый май” тобу ал учурда, жетекчиси Разиндин айтымында, 20 миллион долларга жакын акча табышкан.
1992-жылы Юрий Шатунов “Ласковый май” тобунан кеткен. Юрийдин кетиши менен топ дагы таркайт. Топтон кетүүсүнүн себебин Юрий жеке ырчы катары өз карьерасын өстүрүүнү каалагандыгы жана Разиндин ашыкча башкарып алгандыгы менен байланыштырган.
Атактуу ырчы жеке жашоосу, үй-бүлөсү тууралуу маалымат бергенди жактырбайт. "Менин сахнада кандай ырчы экенимди көрүшсүн, бирок жеке жашоомдун эшиги баары үчүн жабык" деген принципти бекем кармап келет. Андыктан ырчынын социалдык тармактарда эч кандай өздүк баракчасы жок, бирок анын ысымы менен ачылган көптөгөн баракчалар бар. Ырчыга аларды жаптыруу үчүн кылган аракети эч бир жыйынтык бербей келет.
6-сентябрдын жылнаамасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(5)
Cesar

06.09.2016. 12:26
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Туулган күнүң кут болсун Юра. Сенин "Белые розы","Седая ночь",Бездомный пес"деген ырларың менен чоңойдук. Азыркы күнгө чейин актуалдуулугун жогото элек.
alibekova94

06.09.2016. 12:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ото кучтуу ырчы да бул, мына ырчы деп ушуну айт.
Artyr1994

06.09.2016. 13:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен ырларын дале угам угуп алып эс алам
erlist

06.09.2016. 14:33
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талантуу деп ушуну айтса болот Юра коп жаша
tatynam_88

06.09.2016. 20:53
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн жонокой ырчы ээ.ырлары дуйно элинин журогунон тунок тапкан
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.