super.kg logo
  Саясат  

Автандил Калмамбетов: "20 жыл ичинде мамлекеттик ишканалардын 90 пайызы менчиктештирилип кетти"

 
"Кыргызстанда акыркы 20  жыл ичинде мамлекеттик ишканалардын 90 пайызы менчиктештирилип кетти". Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде Энергетика жана өнөр  жай министри Автандил Калмамбетов өкмөттүн жыйынында билдирди. “1990-жылдан бери өлкөдөгү 610 мамлекеттик ишкананын 550сү менчиктештирилип, 29у банкрот болгон”,- деди министр. Анын айтымында, учурда ишканалардын 5 пайызы гана мамлекеттин үлүшүндө турат. Алар “Дастан” заводу, "Хайдаркен" сымап комбинаты, "Бишкек унаа куроочу заводу", "Токмок" кагаз фабрикасы жана “Учкун” басмаканасы. “Акыркы 10-15 жыл аралыгында өнөр жайды өнүктүрүү боюнча бир да программа иштелип чыккан эмес. Өткөн жылы биздин министрлик текстиль жана тигүү өнөр жайын иштетүүнүн программасын кароого бергенбиз. Бул программалар ишке ашса, өлкөнүн жеңил өнөр  жайынын үлүшүн 25 пайызга жогорулатат”,- деп белгиледи Калмамбетов.    





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: