Владимир Путин Ислам Каримовдун мүрзөсүнө гүл койду

Бүгүн, 6-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун мүрзөсүнө гүл койду. Бул тууралуу "РИА Новости" маалымат агенттиги билдирди.
Маалым болгондой, Путин Самарканд шаарына келген соң дароо Шахи-Зинда көрүстөнүнө жөнөдү. "Орусиянын лидери менен Өзбекстандын премьер-министри Шавкат Мирзийоев болду. Гүл койгон соң Путин президенттин аялы Татьяна Каримовага жана кызы Лола Каримова-Тилляевага көңүл айтты", - деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, 27-августта Өзбекстандын 78 жаштагы президенти Ислам Каримов ооруканага жаткырылганы белгилүү болгон. Өкмөттөгү булактарына таянып өзбек оппозициясы: "Каримов Дурмень резиденциясында өткөн кечеде аракты көп ичип алгандыктан, эс-учун жоготуп жыгылып кеткен. Дарыгерлер президенттин абалы оор дешүүдө. Эгер Каримов 5 күн жашай алса, анда сакайып кете алат", - деп жазган. 29-августта "Фергананьюс" басылмасы өзбек лидеринин өлүмү тууралуу жазып чыккан. Бирок Өзбекстандын бийлиги бул тууралуу "Каримов өлгөн эмес, анын абалы туруктуу" деп билдирген эле. 2-сентябрда өлкөнүн өкмөтү анын каза болгонун жарыялаган. Эртеси Каримовдун кичи мекени Самаркандда анын сөөгү жерге берилген. Каримовду акыркы сапарга узатуу аземине Орусиядан премьер-министр Дмитрий Медведев баштаган делегация барган.
Каримов Ислам Абдуганиевич 1938-жылы 30-январда Самаркандда төрөлгөн. 1960-жылы Орто Азия политехникалык институтун аяктаган. 1989-жылы Өзбекстандын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болгон. 1990-жылы Өзбекстандын президенти болуп шайланып, бүгүнкү күнгө чейин бул кызматты ээлеп келген.




Путин Путин болгону учун бут дуйно урматтайт жана Forbes журналы Путинди дуйнодо эн таасирдуу (номер 1) саясатчы деп бекеринен атабайт...
Экинчиден 90-жж.Тажикистанда, кийин Чеченстанда, 2008 Абхазияда согуш болду, 2014тон бери Украинада, Россия кыйналып калганы корунбойт го эч эле...
Кыскасы жомок..
Тойдун ортосу конокторду таштап кетмек беле?! ))
Анын устуно Атамбаев 5 жылда козго толоорлук эмгек кылбады сый-урматка татыктуу...