super.kg logo

Кыргыз жеринде алгачкы жолу "Карек" аттуу республикалык балдар кинофестивалы жарыяланды

 

Кыргыз жеринде алгачкы жолу "Карек" аттуу республикалык балдар кинофестивалы жарыяланды. Фестивалга 6 жаштан 17 жашка чейинки жаш балдар, өспүрүмдөр катыша алышат. Максаты - бул чөйрөдөгү болочок адискөй чеберлерди эртелеп аныктап, аларга туура багыт берүү. Бул тууралуу SUPER.KG`ге аталган фестивалдын жетекчиси Толкун Дайырбекова билдирди.

"Фестивалдын алгачкы темасы "Бул менин дүйнөм" деп аталат. Катышууну каалагандар камерага, планшетке же телефонго 10 мүнөткө чейинки кыска метраждуу тасма тартуусу керек. Фестивалга катышып жаткан даяр тасмалар mov, mp4, m4v, mpeg форматтардын биринде болуусу зарыл. Комедия, мелодрама, драма, триллер, боевик, фантастика, анимация, даректүү жана башка ар түркүн жанрдагы тасманы тартууга уруксат берилет", - деди Т.Дайырбекова.

Сынакта 9 номинация бар. Алар: мыкты көркөм тасма, мыкты анимациялык тасма, мыкты даректүү тасма, мыкты режиссёр, мыкты оператор, мыкты сценарист, мыкты монтажёр, мыкты жеткинчек актёр, мыкты жеткинчек актриса.

Жеңүүчүлөр атайын дипломдор жана белектер менен сыйланат. Мыкты тасмалар Кыргыз Республикасынын атынан эл аралык балдар кинофестивалдарына жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк алышат жана кийинки тасмасын тартуу үчүн техникалык жабдыктар менен камсыздалат. Сыйлык тапшыруу аземи 2016-жылдын 15-ноябрында өткөрүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: