super.kg logo

Бишкектеги Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин реабилитациялык борборуна спорттук шаймандар берилди

 

Бишкек шаарындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин реабилитациялык борборуна бүгүн, 6-сентябрда спорттук шаймандар алынып берилди. Борборго орнотулган спорттук шаймандар менен дарыланууга келген ар бир бейтап дарылана алат. Алынып келинген аппараттар менен кол, бут булчуңдарынын иштөө системин жакшыртууга мүмкүн болот.

Белгилүү болгондой, бул борборго коюлган аппараттар Орусиянын өндүрүшүнөн чыгарылган. 2015-жылы "ЛДС Черитиз" компаниясы Социалдык өнүктүрүү министрлиги аркылуу өлкөгө 700 миң сомго чейин колдоо көрсөткөн.

"Американын "ЛДС Черитиз" кайрымдуулук компаниясы менен 10 жылдан бери иштешип келебиз. Алар бизге буга чейин да кайрымдуулук иштерин жасап, жардам берип турушкан. Аталган компания жыл ичинде 20 миң АКШ долларына бааланган жумуштарды жасап берди. Эми ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн атайын спорттук медициналык шаймандарды алып берди", - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев.

Маалыматка ылайык, өлкө боюнча 172 миң ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар бар. Алардын ичинен 28 миңи жаш балдар.

Аталган борбордо дене тарбиясы аркылуу дарылоочу бөлмө ачылып, 20 жылдан бери иштеп келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: