II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Кыргыз спортчулары жалпы 33 медаль алып, командалык эсепте 2-орунду ээлеп турат

Бүгүн, 6-сентябрда II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында аба күрөшү, кыргыз күрөшү, көк бөрү ат чабыш сыяктуу спорт түрлөрүнөн медалдар ойнотулду. Ошондой эле алыш күрөшү боюнча мелдештерге катыша турган спортчулар таразага түшүштү.
Көк бөрү боюнча болсо тайпалардын жыйынтыктоочу оюндары орун алды. Жыйынтыгында финалдык беттеште казакстандык улакчылар менен биздин жоон билек улакчыларыбыз кармашмакчы.
6-сентябрга карата алдынкы бешинчи орунду ээлеп турган мамлекеттердин тизмеси төмөнкүчө:
1-орун. Орусия – 14 медаль (10 алтын, 2 күмүш, 2 коло)
2-орун. Кыргыз Республикасы – 33 медаль (6 алтын, 12 күмүш, 15 коло)
3-орун. Казакстан - 14 медаль (5 алтын, 3 күмүш, 6 коло)
4-орун. Азербайжан – 9 медаль (4 алтын, 3 күмүш, 2 коло)
5-орун. Грузия - 3 медаль (2 алтын, 1 күмүш).
P.S. Командаларды орундарга жайгаштырууда медалдардын жалпы санына эмес, алтын медалдардын санына маани берилет.
спорт мамлекеттик агенттиги

Экинчи дуйнолук согушта немец штурмовиктери менен совет штурмовиктери абада салгылашканын "сражение в небе" дешчу эле, азыркысы эмне экенин ким билсин...
Ар бир нерсени оз атынан аташса жарашмак "жанылык" киргизе беришпей...
Кыргызстан — 13 алтын, 12 күмүш, 13 коло;
Россия — 10 алтын, 5 күмүш, 6 коло;
Казакстан — 5 алтын, 6 күмүш, 7 коло;
Азербайжан — 3 алтын, 3 күмүш, 3 коло;
Грузия — 2 алтын, 1 күмүш;
Иран — 2 алтын, 4 коло;
Тажикстан — 1 алтын, 1 күмүш, 2 коло;
Өзбекстан — 2 күмүш, 4 коло;
Армения — 2 күмүш, 1 коло;
АКШ — 2 күмүш, 1 коло;
Украина — 1 күмүш, 3 коло;
Польша — 1 күмүш, 1 коло;
Оюндар башталгандан бери жакшы бир кенири маалымат алалбай жатабыз ким-кимдиутту эми ким менен ким ойнойт баары белгисиз бойдон калууда! Кок-бору боюнча финалга Кыргызстан менен Казахстан чыкты деп жатышат алар качан ойноп кимдерди утуп финалга чыкты?