super.kg logo

Нурсултан Азыкбаев "Жаңы толкун" сынагында Григорий Лепс менен эмес, ырчы кыз Ромади менен дуэт ырдады (видео)

 

Кечээ, 6-сентябрда "Жаңы толкун" сынагынын катышуучулары калыстар тобуна белгилүү ырчылар менен дуэт чыгармаларын тартуулашты. Кече орусиялык композитор, продюсер Виктор Дробыштын чыгармачылыгына арналып, анда орус шоу дүйнөсүндөгү белгилүү ырчылар ырдашты.

Сынакта Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышып жаткан Нурсултан Азыкбаев мурун айтылгандай Григорий Лепс менен эмес, ырчы кыз Ромади менен "Девочка на шаре" чыгармасын дуэт аткарды. Ырчынын менеджери Иззат Молтоевдин айтымында, Григорий Лепстин тыгыз графигинен улам Нурсултан менен ырдабай калган. Калыстардын берген добушу боюнча мекендешибиз жалпы 276 упай алып, экинчи күндүн жыйынтыгы боюнча бешинчи орунду ээлеген. Ал эми эң жогорку 286 упайды украиналык ырчы Галина Безрук алган.

"Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү" наамына онлайн добуш берүүдө учурда мекендешибиз 608 упай менен үчүнчү орунда бара жатат. Биринчи орунда 838 упай менен орусиялык Ясения, ал эми экинчи орунда грузиялык 622 упай менен Алиса Данелия турат. Онлайн добуш берүү болгондуктан, орундар өзгөрүшү мүмкүн.

Мекендешибизди колдоо максатында 2325 номерине NW09 сөзүн жазып, SMS билдирүү жиберсеңиздер болот. Бир билдирүүнүн баасы 100 сом. Ошондой эле Орусияда жашаган мекендештерибиз 2325 номерине, Украинадагылар 8385, Беларусь, Казакстандагылар 2090 номерлерине Нурсултан Азыкбаевдин NW09 код номерин жазып добуш бере алышат. Эгер сиз Латвия, Литва, Эстония өлкөсүндө болсоңуз, 1896 кыска номерине SMS билдирүү жөнөтөсүз. Ушундай эле ыкма менен Болгариядагылар 1644, Грузияда жашаган мекендештер 93933, Хорватиядагылар 860860 номерине NW09 сөзүн жазып, добуш бере алышат.






"Жаӊы толкун 2016" Нурсултан Азыкбаев, Romadi "Девочка на шаре"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(15)
Медиа-портал
07.09.2016. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Классно алга Нурсултан.
Медиа-портал
07.09.2016. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Берки ырчыны тааныбайт экенмин. Нурсултандын ырдаганы, аткаруусу гана эмес, концерттик костюму, стили да абдан жакты. Сонун!
07.09.2016. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аззамат!Ылайым женишке жет!
Медиа-портал
07.09.2016. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Голосу калып кетиптир го кыздын үнү жакшы угулуптур....
07.09.2016. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Экоо вообще окшошго
07.09.2016. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Россиядагы мекендештер колдоп коелу ырчыбызды смс голос 50р а банковский карта менен 68р экен кааласан бир жолу голос берсен болот кааласан 50го чейин да голос берсен болот экен утууга кичине болсода шансын кобойтуп коелу
07.09.2016. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
эмнеге кулактарына наушник сайып алышат.
07.09.2016. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Г.Лепс менен чыгат деп кутуп отурса,каяктагы кызды айтып койду,олду анан настроение.
07.09.2016. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Нурсултан ар дайым Кыргыздын желегин башка мамлекеттерде желбиретип журо бер!
Григорий Лепс менен бирге ырдаса мындан да соонун болмокго,ансыз деле жакшы ийгилик каалаймын!
07.09.2016. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орустар бербейт 1 местаны жакшы ырдайбы жаманбы озунукуно тартат журилер баш болуп
07.09.2016. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Sema87,Анда Азиямикс кантип алды биринчиликти тартышыго тартат конечно бирок эби чени мененда биринчи местага достойный ырчылар жокта бизде озубуз деле кыргыздарга тартпай реально караганда башка конкурсанттарды кордунорда кандай ырдаганын Кыргызстан учту алса суйунушубуз керек
joysin777 түзөттү 2016-09-07 20:33:29
08.09.2016. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер
08.09.2016. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун ырдады азамат
08.09.2016. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирок мен смс жонотом кетпей жатат
Медиа-портал
09.09.2016. 04:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат!!!Нурсултан алга!!11
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: