super.kg logo
  Спорт  

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: 13 алтын медаль тагынган кыргыз спортчулары Орусияны артка таштап, сап башына чыгышты

 
96 килограммдан жогорку салмакта алтын медаль тагынган Бекболсун Кушубаков.

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында 6-сентябрда кыргыз күрөшүнөн медалдар ойнотулду. Анда кыргыз спортчулары атаандаштарга кенедей да мүмкүнчүлүк калтырбай, бардык салмактарда алтын медалдарды тагынышты.

Жыйынтыгында кыргыз спортчулары буга чейин сап башында келе жаткан Орусияны артка таштап, 1-орунду ээлеп турат.

Кыргыз күрөшү боюнча 7 комплект медаль ойнотулуп, ага 26 мамлекеттин 96 балбаны катышкан. Балбандарыбыз Тынчтыкбек уулу Бекзат (55 килограмм салмакта), Сымбатбек Алимбеков (60 кг), Зиямидин Шадыбеков (66 кг), Тариэл Үсөнов (74 кг), Бектурган Кожомуратов (84 кг), Нурбек Кожобеков (96 кг) жана Бекболсун Кушубаков (96 килограммдан жогорку салмак) алтын медалдарды тагынышты.

Командалар жана медалдар боюнча ээлеген орундары:

1. Кыргыз Республикасы — 40 медаль (13 алтын, 12 күмүш, 15 коло)

2. Орусия — 21 медаль (10 алтын, 5 күмүш, 6 коло)

3. Казакстан — 18 медаль (5 алтын, 6 күмүш, 7 коло)

4. Азербайжан — 9 медаль (3 алтын, 3 күмүш, 3 коло)

5. Грузия — 3 медаль (2 алтын, 1 күмүш)

6. Иран — 6 медаль (2 алтын, 4 коло)

7. Тажикстан — 4 медаль (1 алтын, 1 күмүш, 2 коло)

8. Өзбекстан — 6 медаль (2 күмүш, 4 коло)

9. Армения — 3 медаль (2 күмүш, 1 коло)

10. АКШ — 3 медаль (2 күмүш, 1 коло).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(32)
07.09.2016. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Азаматтар кыргызымдын кыраандары!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: