super.kg logo

"Элдик кабар" рубрикасынын жардамы менен Екатеринбургда селсаяк болуп кеткен кыргыздар мекенине жиберилди

 

"Элдик кабар" рубрикасынын жардамы менен Екатеринбургда селсаяк болуп кеткен кыргыздар мекенине жиберилди. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда SUPER.KG порталына Екатеринбургдагы мекендешибиз Ильгизбек Нарматов билдирди.

Эскерте кетсек, 3-сентябрда окурманыбыз "Элдик кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу селсаяк болуп кеткен эки кыргыз жараны тууралуу кабар жөнөтүп, элчиликтен тиешелүү деңгээлде жардам болбой жатканын кабарлаган.

"Кабар чыккан күнү эле консулдуктун кызматкерлери Екатеринбургдагы демилгечилер - биз менен жолугушту. Кызматкерлер баарын түшүндүрүп беришти. Алгач консулдукка барардан мурун аймактык полиция кызматкеринен жарандын паспорту жоголгону тууралуу билдирмени алышыбыз керек экен. Андан соң консулдукка 2400 рубль салык төлөмөк экенбиз, бул расмий документтерде көрсөтүлүптүр. "Дүйшөмбү күнү керектүү документтерди даярдап беребиз" деп, селсаяк болуп кеткен бир туугандарды мекенибизге жиберерин айтышкан. Мен ачуулукка алдырып, силерге эрте маалымат берип алыптырмын", - дейт Нарматов.

"Мекендештерибиздин бири Жалал-Абад облусунан, бири Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынан. Кызыл-кыялык мекендешибиздин документтерин консулдуктун кызматкерлери бүтүрүп беришти, мекенибизге узаттык. Ал эми жалал-абаддык мекендешибиздин паспорту табылып, аны да Кыргыз өлкөсүнө салып жибердик. Эми дагы 15тей кыргыз бар экен, ушул эки жердештерибиздей эле. Арасында эже-карындаштарыбыз бар, аларга да жардам берели деген ойдобуз. Консулдукта иштегендер документтерин бүтүрүп беришсе, каражатын ушул жактагы эле кыргыздар чогултуп, салып жиберебиз", - деп билдирди Ильгизбек Нарматов.






Екатеринбургдагы мекендештерибиз Кыргыз өлкөсүнө кайтышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
07.09.2016. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Силердей Мекенине, боордошторуна чын дилден куйгон, жардам колун узаткан патриотторду остуруп-тарбиялаган ата-эненерге чоон рахмат!!! Ата-эненер силердей эл керегине жараган уул-кыздары менен сыймыктанса жарашат...
07.09.2016. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
АЗАМАТСЫНАР ЖЕРДЕШТЕР!
07.09.2016. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Эми Булар Кыргызстанга келгенде иштешсе экен, кайра Россиядагы жумушун улантып албай.
07.09.2016. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
аллах ыраазы болсун!!! силерден менин мекендештерим! жумушунар дайыма алга жылып жамандыктан кудайым өзү сактасын
07.09.2016. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Рахмат силерге ,ал эми элчиликтин ишин силер шашпасанар да биз талаада жургондор жакшы билебиз алардын кандай иштегенин. Эмнеси болсода жакшы иш кылыпсынар
07.09.2016. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Патриот деп ушуларды айтса болот.Азаматсыңар .Кыргыз эч качан боордошторун көчөгө таштап койгон эмес
07.09.2016. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бир гана ушул акыбалдагы(селсаяк) эмес, Кыргызстандан келип жумушка орношо албай, же кетерге чамасы жокторду да бекер алып кетишти, акча албай! Ошол бус айдаган айдоочуларга дагы рахмат! Аллах иштерин онунан кылсын?! Кырсыктардан сактасын?!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: