super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: "Алгачкы жолу клипке тартылган каармандарга баары кызыктуу болду" дейт Самара Каримова "Баары сендей" ырынын клиби тууралуу

 

"Медиа-портал" бөлүмүндөгү Самара Каримованын "Баары сендей" ырынын клибинде үй-бүлөдөгү түгөйлөр ортосундагы жылуу мамиле, сүйүү көрсөтүлөт. Клип Орусиянын Новосибирск жана Ош шаарларында тартылган. Режиссёру - Съездбек Жолдошев.

Клипти тартуудагы кызыктар, кыйынчылыктар тууралуу ырчы мындай дейт:

"Клипке профессионал актёр-актрисалар эмес, бизге жакын тааныш адамдар тартылышты. Негизи, Алтайда тартууну пландаганбыз, бирок май айында ал жакта суук болуп, кар жаап туруп алгандыктан бара алган жокпуз. Тартуу процесси Новосибирск шаарында 4 күнгө созулду. Ал эми мен ырдаган кадрлар Ош шаарында тартылды. Аба ырайынын бат-бат өзгөрүлүп жатканы бир аз кыйынчылык жаратты. Аталган шаарда бир күндө 4 мезгилди көрүүгө мүмкүн экен. Эртең менен күн чайыттай ачылып турган болот, анан эле бороон-чапкын болуп, жамгыр, кар жаап кирет экен. Ошондой күндөрдүн биринде жаанда калып, аябай үшүгөнбүз".

Ал эми "Профессионал эмес актёр-актрисалар менен иштешүү кыйынчылыктарды жараткан жокпу?" деген сурообузга төмөнкүдөй жооп узатты:

"Биз үчүн клип тартуу көнүмүш болуп калбадыбы, ал эми клипке алгач ирет тартылып жаткан каармандарга баары кызыктуу болду. Жоопкерчиликтүү мамиле жасашып, таң атпай кийчү формаларын үтүктөп, даярданышып, кандай кылалы, кантип басалы деп улам сурап жатышты. Алар клипке тартылууга кызыгуу, берилүү менен мамиле кылышкандыктан, кыйынчылыктар жаралган жок".

Самара Каримованын "Баары сендей" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
07.09.2016. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Kettin-kayda-chyragym.., кимдир-бирөөнүн дарегине карата далили жок билдирүү калтырууга тыюу салынат!
09.09.2016. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самара Каримова мага жагвт сулуу...жаны жылга карата койгон концерти нде мага билет белек кылган..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: