Ысык-Көл ОИИБи: "Чок-Талдагы Патрулдук милициянын унаасынын макети профилактикалык иш-чаранын негизинде коюлган"
Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында Патрулдук милициянын унаасынын макети профилактикалык иш-чаранын негизинде коюлганын Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан SUPER.KG порталына билдиришти.
“Учурда Ысык-Көл районунда Патрулдук милициянын унаасынын эки макети коюлду. Негизги максат -мектеп окуучуларынын катышуусундагы жол кырсыктарынын санын азайтуу. Дагы беш макет даярдалууда. Алар Ысык-Көл облусунда жол жээгине коюлат”, - деп билдирди Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын катчысы Сталбек Усубакунов.
Айта кетсек, бүгүн айрым интернет колдонуучулары Чок-Тал айылындагы мектептин жанына коюлган Патрулдук милиция унаасынын макетинин сүрөтүн социалдык тармактагы баракчасына жайгаштырышкан. Анда кээ бири “алыстан Патрулдук милициянын унаасын көрүп, ылдамдыкты азайттык” деп жазышууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео


















Бир жолу ГАИге кармалып, студентмин, акчам жок деп кутулганы атсам, "мына, онугот деген ушул. Биз илгери жоо журчубуз" деп очургон. Айлам жок штраф жаздыргам..