super.kg logo

Укук коргоочулардын президенттин үстүнөн жазган арызы канааттандырылган жок

 

Үстүбүздөгү жылдын 14-майында президент "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында энелерди Баатыр эне ордени менен сыйлап жатып укук коргоочуларды катуу сынга алган.

16-майда укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдирасулова баштаган топ аларга карата айтылган сындын жөндүү эмес экенин айтып, нааразычылык акциясын уюштурган. 18-майда Исмаилова менен Абдирасулова намысты, абийирди, абройду коргоо жөнүндө доо арызды Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүшкөн. Райондук сот алардын арызын канааттандырган эмес.

Кечээ, 7-сентябрда укук коргоочулардын өлкө президенти Алмазбек Атамбаевге каршы жазган арызы Бишкек шаардык сотунда каралып, бул ирет да канааттандырылган жок. Укук коргоочулар шаардык соттун чечими боюнча өлкөнүн Жогорку Сотуна даттана тургандыктарын билдиришти.

Абдирасулова менен Исмаилова президенттен расмий кечирим сурашын жана алардын дарегине айтылган сөздөрдү төгүндөшүн талап кылышууда. Укук коргоочулар моралдык чыгым катары өлкө башчысы аларга 10 миллион сомдон төлөп бериши керектигин билдирип жатышат.

"Биздин да туугандар, кудалар бар. Биз дагы энебиз. Сот бизди күнөөлүү деп таппаса деле президенттин минтип айыптаганга укугу жок болчу. Эгер биз президент айткандай күнөөлүү болсок, анда мыйзам чегинде жооп бергенге даярбыз", - дешкен эле укук коргоочулар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(8)
07.09.2016. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
АША бийликте турганда арыз дооматынар эч жака отпойт кеткенден кийин АША анда билбейм ойлогон оюнар ишке ашышы мумкун.
07.09.2016. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кимге кандай билбейм мага тынч кундо да ызы чуу болсо да ач болсок да ток болсок да ушул эки катын тынч жатпас болду го
07.09.2016. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
7сентябрь бугун го!
07.09.2016. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
бирди коро албай турат ушулар
07.09.2016. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушул экоону камап койсо жакшы болот эле
07.09.2016. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу ХХХ тажатты!! Картайып деле калышты, жандары тынбай койдуго!
Модератор admin_portal түзөттү 2016-09-08 10:27:42
08.09.2016. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
asanovna, кимдир-бирөөнү мазактоодон алыс болуңуз!
07.09.2016. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
булар жон эле ушинтип атат дейсинерби артында акча бергендердин заказын аткарып атат...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: