super.kg logo

Улуттук көркөм сүрөт музейинде "Паула Модерзон-Беккер жана ворпсведелик сүрөтчүлөр" аталышындагы көргөзмө ачылды (фото)

 
Көргөзмөнүн уюштуруучулары
Көргөзмөгө келген коноктор, студенттер

Бүгүн, 7-сентябрда Бишкек шаарындагы Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде "Паула Модерзон-Беккер жана ворпсведелик сүрөтчүлөр" аталышындагы 1895-1906-жылдарга таандык сүрөттөр менен гравюралар көргөзмөсү ачылды. Көргөзмөнү Казакстандын Гёте институту жана Кыргыз өлкөсүндөгү Германия Федеративдүү Республикасынын элчилиги уюштурган. Көргөзмөгө XIX-XX кылымдардагы немис көркөм өнөр тарыхындагы эң маанилүү эмгектердин бири болуп саналган немис сүрөтчү аялы Пауло Модерзон-Беккер жана анын ворпсведелик кесиптештеринин сүрөттөрү менен гравюралары коюлган.

Маалыматтарга караганда, 1880-жылдардын соңунда бир нече жаш сүрөтчүлөр Германиядагы Бремен шаарына жакын жердеги Ворпсведе деген айылга жайланышып, сүрөтчүлөр бирикмесин түзүшкөн. Алар өз чыгармаларында аталган айылдын таза, кооз жаратылышы менен айыл тургундарын, алардын патриалдык жашоо салтын чагылдырышкан.

Көргөзмө 28-сентябрга чейин уланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: