super.kg logo

Чаткал. Айгыр-Жал айылында 120 орундуу мектептин курулушу аяктады

 

Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Айгыр-Жал айылында Алике Айимбетов атындагы 120 орундуу мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда SUPER.KG порталына Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын социалдык маселелер боюнча орун басары Мурат Досматов билдирди.

Белгилүү болгондой, мектептин курулушу чет элдик гранттардын негизинде ишке ашырылган. Заман талабына ылайыкташтырылган билимкананын спорттук залы, балдар тамактануучу жайы кошо курулган.

"Айгыр-Жал айылында мектептин курулушу айыл эли үчүн чоң жетишкендик болду. Мурунку мектеп 2013-жылы өрттөнүп кеткен. Жаңы мектеп ошол өрттөнүп кеткен мектептин аянтына курулду. Жаңырган жумада ачылуу аземин өткөрүп, мектепти пайдаланууга беребиз", - деп билдирди Досматов.

Маалым болгондой, Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүндө 75 орундуу бала бакчанын курулушу аяктоо алдында турат. Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында пайдаланууга берилмекчи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
07.09.2016. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы... Кут болсун!
08.09.2016. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озу Айгыр-Жал айылдык депутаттар азамат жигиттерден экен.Жолдорун асфалттатып кулуб ,жана башка коптогон жумуштарды бутурушту.Иштерине ийгилик каалайм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: