Өлкөдө интернеттин тарифтери өзгөртүлө баштады

Кыргыз интернет-провайдерлеринин бири "Хомлайн" тарифтерди өзгөрттү. Бул тууралуу аталган компаниянын басма сөз кызматы жарыялады.
“Казакстандык өнөктөштөрүбүз интернеттин транзити үчүн бааны эки эседен көбүрөөк кымбаттатты. Алар менен буга чейинки келишимдерди сактай алган жокпуз. Мындан улам 2016-жылдын 1-сентябрынан тарта жаңы тарифтер киргизилди”, - деп айтылат маалыматта.
Жакын арада “Акнет”, “Мегалайн” жана башка интернет-провайдерлер тарифтердин бааларын көтөрүшү мүмкүн.
Айта кетсек, быйыл август айында өлкөдөгү интернет-провайдерлер Казакстандагы компаниялар интернетти Кыргыз Республикасына жеткирүү баасын эки-үч эсе кымбаттатканы жатышканын жарыялашкан эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:20
2025-07-04
10:18
2025-07-04

19:16
2025-07-03

Рейтинг:
3

ушул сыяктуу жанылыкты угуу учун ен
негизги койгой бизде корупция анан онугуу
башка мамлекеттердин козун карабай
оз алдынча жашап ондуруштун баарын
озубуз чыгарып жакшы онуксок гана
жакшы жанылыктарды угабыз...
а биз болсо жалан гана башка мамлекет.ге
коз карандыбыз
жерибизге кирип келип атсадагы кучубуз
жетпейт чыгарганга, кааласа унун кымбаттатат
кааласа интернетсиз калтырат кыска
туура, эл реалда жашай башташат.
Туура интернет деп эле телефонду чукуплап
отура бересин. Козго мээге зыян. жумуштан
да азгырат.вообще жок кылып салса экен