II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Көк бөрү боюнча улуттук курам Казакстанды 15:3 эсебинде утуп, алтын медаль тагынды











Көк бөрү боюнча улуттук курамабыз II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында алтын медалды камсыздады. Бүгүн, 8-сентябрда Чолпон-Ата шаарында ат майданда өткөн финалдык беттеште улакчыларыбыз Казакстан курамасы менен кез келип, 15:3 эсебинде утушту.
Оюндун жүрүшүндө кыргыз спортчулары атаандаштарга эч кандай мүмкүнчүлүк бербей, аттарды жана өздөрүн оюнга толук бойдон арнашты. Жыйынтыгында алар алгачкы 20 мүнөттүктө 7 улак, экинчи 20 мүнөттүктө 3 улак жана жыйынтыктоочу баскычта 5 улак салышты.
Кошумчалай кетсек, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кыргыз Республикасы алтын, Казакстан күмүш жана Кытай коло медаль тагынды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
4

Былтыр казактар коркконкнан катышпай койгон го анда