СУПЕРСТАН: "Мектепте биз жаттаган ырлар..."

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Мектепте биз жаттаган ырлар" деген тема талкууга алынууда.
Теманы ачкан колдонуучунун билдирүүсү:
"Кимдин эсинде кайсы ыр бар? Мен убагында бардык ырларды жаттап барчумун. Азыр эсимде бирөө эле калыптыр:
Ысык-Көл кээде тынч да, кээде толкун,
Толкуса толкунуна тең ортокмун.
Турмушта канча жолдош күтсөм дагы,
Бир сырдуу сендей жолдош күткөн жокмун.
Орус адабиятынан: "Я памятник себе воздвиг нерукотворный..." Калганын унутуп калдым. Кээ бир адамдар ошол кезде, ал тургай бала бакчада жаттаган ырларынан бери эстеп жүрүшөт экен. Мен Алиппе майрамында кайсы тамга болуп, кандай ыр жаттаганым эсте жок".
Ачылган темага калтырылган билдирүүлөр:
"Эске бир окуя түштү. Биздин класста начар окуган бир бала бар эле. Аны эжекебиз аябай намыстанткан го, бир күнү эле А.Осмоновдун "Бүкөнтай" деген ырын жаттап келиптир. Мындай болсо керек эле: "Бүкөнтай мурду бучук, үч жашар кыз..." Анан ошол ырды жаттап келген бала Бүкөнтай деген атка конгон. Өзүнүн аты Бообек болчу".
"Ыр десеңиз 3-классымда жаттаган ырым эске түшүп кетти. Орус адабиятынан, А.Пушкиндин "Руслан жана Людмиласынан":
У лукоморья дуб зелёный,
Златая цепь на дубе том.
И днём, и ночью кот учёный,
Все ходит по цепи кругом...
"Белая берёза" деген ырдын биринчи сабы менин да эсимде бар экен. Эжекебиз ушундай бир кумардануу менен окуп берчү эле".
"От улыбки хмурый день светлей" деген ырды музыкадан берген эжейибиз бизди уруп жүрүп жаттаткан эле. Ошондуктан болсо керек, эч эсимден чыкпайт. Пушкиндин ырларын, Татьянанын катын жаттагам, ошолор дагы деле эсимде экен. Татьянанын акыркы катында "Я его жена и буду век ему верна" деген жери мага абдан жагат, дайым айта берем".
"А.С.Пушкиндин "Зимний вечер", "Зимняя дорога" деген ырлары эсимде. А.Осмоновдун "Неге кечигет?", "Бүкөн", "Ата Журт", "Отуз жаш", "Музыка", "Бөбөккө" аттуу ырлары эсиме келет.
Мен өзүмдү үй сыртынан карасам,
Курс-курс эткен оор жөтөл үн чыгат.
Бүткөн экен кайран өмүр, кайран жан,
Деп жалооруп көңүлүм ошондо бир сынат.
Ушул ырынын аталышы эсимден чыгып жатат. Алиппе майрамында "А" тамгасы болгонмун, ырым эсимде жок. Бирок Алиппе майрамындагы:
"А ю слипинг, а ю слипинг,
Бразе Жон, бразе Жон.
Монинг бе зе рининг, монинг бе зе рининг,
Динг донг динг, динг донг динг" деген ыр кечээ жаттагандай эле эсимде бар"
Талкууга кошулуп, озүӊүздүн эсиңиздеги ырлар менен бөлүшкүңүз келсе, бул жакка кириңиз.




Под моим окном
Принакрылась снегом,
Точно серебром.
На пушистых ветках
Снежною каймой
Распустились кисти
Белой бахромой.
И стоит береза
В сонной тишине,
И горят снежинки
В золотом огне.
А заря, лениво
Обходя кругом,
Обсыпает ветки
Новым серебром.
Есенин
Алмасынан алабыз,
Аюу уктап жатканда
Быйтын быйтын качабыз.
Эми бир эки уч отурабыз тынч
Аппак карды сепкендей,
Дарыяга муз тонду
Кузгу койуп кеткендей
Потому, что я с севера, что ли,
Я готов рассказать тебе поле,
Про волнистую рожь при луне.
Шаганэ ты моя, Шаганэ.
Потому, что я с севера, что ли,
Что луна там огромней в сто раз,
Как бы ни был красив Шираз,
Он не лучше рязанских раздолий.
Потому, что я с севера, что ли.
Что я могу еще сказать
Теперь я знаю вашем воле
Меня презреньем наказать
А. Осмоновдун коп ырларын жаттадык эле
Суйуу жана мен
Суйуу эмне суттой таза колукту
Ансыз анан алтын омур толукпу
Ошондуктан эн биринчи жаш суйуу
Бермет, жакут, каухар кийип жолукту
Жарып чыккан аккан суу,
Толгон айдай жаркырап,
Жарык чыккан аккан суу.
Булаң куйрук жез канат,
Балык чыккан аккан суу.
Адамзаттын сообун,
Алып чыккан аккан суу.
Курт-кумурска жандыкты,
Багып чыккан аккан суу.
Кара жердин алдынан,
Жарып чыккан аккан суу.
Көз жетпеген кара кыр,
Тоого чыккан аккан суу.
Кош тегирмен парага –
Ноого чыккан аккан суу.
Жети кабат жер
Школьник школьник ты силач
Шар земной несешь как мячь
Балам мына төшөгүнөн турду бат,
Моюнумдан кучактады булдурап.
Алаканын өптүм дагы баламдын,
Те согушту эстеп турдум тунжурап.
…Самак эле ынак досум сырдашкан,
Укмуш болчу күлкү менен ыр жактан.
Ызылдаган октор тына калганда
Ыр, күлкүгө бизди бөлөп жыргаткан.
Самак айтты: –Кайда жүрдүң жанатан?
Мына балам! Сен баламды карасаң…
Ал бала эмес. Турду кагаз үстүндө
Беш манжалуу кичинекей алакан.
Самак өөп, кага
Коюп жатты жаагынын астына.
Далай өөп Самак ошол сүрөттү.
Далай жолу алмаштырдык түнөктү.
Бир кыштакка кирип бардык жоо сүрүп,
Дүкүлдөтүп үмүтү жок жүрөктү.
Бир короодо бала турат байлануу,
Бул не шумдук?! Таппай калдык айланы.
Жардам сурап бала колу эрбеңдеп,
Бала көзү бизден өтүп жайнады.
Баланы биз аң-таң калып карасак,
Баарыбыздан Самак тура баласак–
Наристени бошотууга байлоодон
Аттап-б
Жеткен кезде атасындай сагынып,
Кара түтүн, боз топурак бурк этти
Коюп койгон жоо минасы жарылып…
Андан ары мен айталбай баратам,
Айткан сайын жүрөгүмдү канатам:
Экөө тең жок… Жерде жатты бир гана
Купкуу болгон кичинекей алакан…
Кээде түшүп мен торуна санаанын,
Көргөнүмдүн көбүн эске саламын.
Согуш десе, көз алдыма көрүнөт
Ошондогу алаканы баланын…
Окуу деген тилегин
окуу-окуу деп айткан
окуу жайын коп айткан.
Коп жумушту аткарды.
Идиш жууду,уй шыпырды
Баарын озу жасады.
.....(улайбыз)
Бул айда тоо боорунан гүл терчү элек.
А быйыл, күн жылыбайт жер тегиз кар
Шумдук ай, неге мынча жаз кечигет?
Аргымакмын жугургон.
Ариптерден аксакал,
Ардактуусу болом мен.-деп,,А''тамгасы болуп,34жыл мурда жаттаган ырым эсимен кетпейт