“Манас” аэропортунан абага көтөрүлүп, бирок көп өтпөй кайра конууга аргасыз болгон учак боюнча иликтөө жүрүп жатат
“Манас” аэропортунан абага көтөрүлүп, бирок көп өтпөй кайра конууга аргасыз болгон учак боюнча иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда Жарандык авиация агенттигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя кечээ, 7-сентябрь күнү болгон.
“Саат 12:20 чамасында Бишкек-Дүйшөмбү багыты боюнча “Тажик-Эйр” компаниясынын учагы абага көтөрүлгөн. Бирок көп өтпөй кайра конууга аргасыз болгон. Учкучтар учактын бир кыймылдаткычы иштебей калганын айтышты. Эл аралык эрежелерге ылайык, тажик тарап окуяны өзү иликтейт. Алар авариялык конуунун чоо-жайын иликтеп жатканын айтышты”, - деп айтылат Жарандык авиация агенттигинин маалыматында.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-02

Рейтинг:
-1

орустар