super.kg logo

Чүйдө тажик жараны күйөөсү, кайненеси жана кайын сиңдиси тарабынан зордук-зомбулукка кабылган

 

Чүйдө тажик жараны күйөөсү, кайненеси жана кайын сиңдиси тарабынан зордук-зомбулукка кабылган. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда Акыйкатчы институтунан билдиришти.

"Акыйкатчы институтуна арыз менен Тажикстандын Г.К. аттуу жараны кайрылган. Анда ал күйөөсү, кайненеси жана кайын сиңдиси тарабынан зордук-зомбулукка кабылганын билдирген. Ал 2016-жылдын март айында таякесинин үйүнө конокко барып, ал өмүрү көрбөгөн жаран аны ала качып кеткенин билдирген. Чүйдөгү Кайыңды айылынын 32 жаштагы Д.Ш. аттуу тургуну уюлдук телефонун тартып алып, аны менен нике кыйдырып, зордуктап койгонун да кошумчалаган. Мындан кийин ал эч жакка кете албай, ал жарандын үйүндө калып, аны менен бирге жашоого аргасыз болгон. Көп өтпөй Г.К. аны зордоп турмуш курдурткан жарандын экинчи аялы экенин жана биринчи аялынан 2 баласы бар экенин билген. Жабырлануучу Г.Кнын кош бойлуу экени белгилүү болгондон кийин кайненеси жана кайын сиңдиси себепсиз аны ур-токмокко ала баштаган. 28-июль күнү жабырлануучу боюнан түшүп, Чүй облустук ооруканасына дарыланууга түшкөн. Учурда дарыгерлер ал мындан кийин эне боло албастыгын айтышууда. Жабырлануучунун туугандары бул тууралуу билген соң юридикалык компанияга жардам сурап кайрылышкан, бирок эч кандай колдоо жана юридикалык жардам көргөн эмес", - деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, учурда бул окуяны акыйкатчы өзүнүн көзөмөлүнө алып, бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
09.09.2016. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ото окунучтуу егер чын болсо:-(
09.09.2016. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тажик жараны болгону менен ал кыргыз да. Конул болуп карап коюшса болмок
10.09.2016. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bekiw.801,тажик жарааны дегенине караганда
Тажикстандан окшойт паспорту
09.09.2016. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Kaynesi mn kayinsindidin kiynosuna birinchi aialy da turbasa kerk beti joktor
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: