Москвадагы өрттөнгөн басмаканада иштеген Кыргыз өлкөсүнүн жарандары айлык акыларын бүгүн алышты
Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин демилгеси менен КРнын Миграция кызматынын төрагасынын орун басары Алмазбек Асанбаев Москвада өрттөнгөн "Печатный экспресс" басмаканасынын директору Сергей Москвиндин адвокаты менен жолукту. Бул тууралуу Миграция кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 9-сентябрда билдирди.
Жолугушууда каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөө жана басмаканада иштеген Кыргыз өлкөсүнүн жарандарына айлык акысын берүү маселелери талкууланды. Кыргыз тарап 2 талап койгон:
- басмаканада иштеген Кыргыз Республикасынын жарандарынын айлык акыларын берүүнү тездетүү;
- КРнын жарандарына өрттөн улам каражатсыз калгандыктары үчүн кошумча материалдык жардам көрсөтүү маселесин кароо.
Адвокат Сергей Москвин каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөөгө даяр экенин билдирди. Андан тышкары 8-сентябрда элчиликте басмаканада иштеген жарандар менен жолугушуу болуп, анда жумушка орношуу жана дагы башка көйгөйлөр тууралуу сүйлөшүүлөр өттү.
Бүгүн, 9-сентябрда бардык кызматкерлерге айлык акы төлөнгөнү маалым болду.










1 |