ЖЫЛНААМА, 9-СЕНТЯБРЬ: Мындан 15 жыл мурун куудул Манас Бердибеков каза болгон



Эл эсинде калган интермедияларын аткаруу учурунда
Мындан 15 жыл мурун кыргызга белгилүү куудул Манас Бердибеков каза болгон. Куудул каза болгон соң түрдүү сөздөр айтылган.
Анын акыркы күндөрүндө жанында болгон сахналашы, досу, куудул Абдылда Иманкулов: "Манас өмүрүнүн аягында биз менен болду. Ысык-Көлдүн Тоң районунда концерт берип жүргөнбүз. Ал уктаганды жакшы көргөндүктөн ойготпой койгон элек. Сыртта Дөөлөт Мадымаев, Рахман Разыков, Абдыманап Төрөбеков менен сүйлөшүп, "кой, Манасты тур дейли" деп күндүзгү саат 11лерде кирсек, жаткан жеринде көз жумуптур. Дароо эле милиция кызматкерлерин чакырдык. Бул окуя боюнча ар кандай сөздөр айтылды, "Рахман менен Абдылда өлтүрдү", "арактан" деген да кептер болгон. Бирок Манас көп күн арак ичип жатып алчу эмес. "Арактан өлдү" деген калп сөз. Ошол жакта жүргөндө эки-үч күн мурда "табитим ачылбай жатат" деп тамак көп жеген жок. "Ичим ачышып жатат" дегенинен Тоңдогу ооруканага келип көрүнгөн. Медициналык экспертизадан "уйку бези жарылып кеткен" деп жыйынтык чыгарып беришти. Манас арабыздагы лидерлердин бири эле. Менден 7 жаш улуу болсо да, жаш көрүнчү. Конокко барганда мени улуу деп Манастан мурун устукан тартып жиберген учурлар болгон", - деп маектеринин биринде билдирген эле.
Ал эми Рахман Разыковдун айтымында, Манас Бердибеков бир тууганындай болгон. "Бир энеден, бир атадан туулбаганыбыз эле болбосо, жакын элек. Бир күнү ооруп калып, укол сайдырып келгенбиз. Эртең менен ойготсом турбайт, "тамашалаба" десем, жок, ошол уктаган боюнча ойгонбой калды. Эки саат өзүмдү билбей турупмун. 3 күн уктабай калгам, ыйла дешет, ыйлай албай..." - деп билдирген Р.Разыков.
Белгилей кетсек, Манас Бердибеков 1956-жылы 15-майда Базар-Коргон районуна караштуу Партсъезд айылында (азыркы Бай-Мундуз айылы) туулган. Куудул "Жалпак жөжө", "Көзү ачык", "Мажит, светти өчүр" жана башка интермедиялары менен элдин эсинде калган.
9-сентябрдын жылнаамасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
demo009

09.09.2016. 18:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооо... Жол жалпайып калган экен-деген жери жагат мага.
kalima88

09.09.2016. 20:53
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куудулубуз олгондо мен 5чи кл элем, онор адамдары ,деги эле ,белгилуу адамдар олбойт деп ойлосом керек, такыр ишенген эмесмин.
DNurgiza

10.09.2016. 08:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
манас эң мыктылардын бири болчу....
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.