super.kg logo

Президенттин кызы Алия Шагиева күйөөсү тууралуу орусиялык ELLE басылмасына айтып берди

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева турмушка чыкканын жарыялап, социалдык тармактагы баракчасына сүрөттөрүн илген эле. Сүрөттүн төмөн жагына күйөөсүнүн атын жазгандыктан, анын улуту кыргыз эмес экенин дароо байкаган Кыргыз өлкөсүнүн интернет колдонуучулары катуу сынга алышкан. Шагиеванын бул тууралуу жана күйөөсү жөнүндө ELLE басылмасына берген маеги жарыяланды.

Алия Шагиева 27-августта турмушка чыккан. Үйлөнүү тойду жаштар Бишкектеги ресторандардын биринде өткөрүшкөн. Жубайлар чоң тойдун ордуна 30 адамдын гана курчоосунда кичинекей той өткөрүшкөн. Ага чакырылгандардын арасында экөөнүн достору, кесиптештери жана туугандары болгон. Алардан тышкары Алия өзүнүн фортепианодон берген мугалимин чакырганы белгилүү болду.

"Жаш жубайлар үйлөнүү тоюн дал ушундай тынч белгилөөнү кыялданышкан. Алар консервативдүү каада-салттардан баш тартып, заманбап Европанын стилинде өткөрүүнү чечишкен. Баары кооз, ашыкча чыгымы жок өткөн. Робби Уильямстай чакырылган жылдыздар, журналисттер болгон эмес. Алия арты ачык, узундугу тизесине чейин болгон көйнөк кийген. Алия турмушка үй-бүлөсүнүн макулдугу менен чыккан. Жигити 2 ай мурун ага үйлөнүү сунушун айтканда, экөөнүн тең ата-энелери, анын ичинде кыздын чоң кызматтагы атасы дагы бул кабарды сүйүнүү менен кабыл алган", - деп жазган басылма.

"Аябай жакшы кабыл алышкан. Менин ата-энем Костяны эки жылдан бери тааныйт жана жакшы көрүшөт", - деп билдирген президенттин кызы.

Кыргыз лидеринин күйөө баласы 1992-жылы Бишкекте туулган. Константин кесиби боюнча программист. Алия менен интернеттен 4 жыл мурун, 20 жашында таанышкан, Алия 15те болгону маалым болду.

"Ал кезде мен башка ат менен блогдорду жазчумун. Ал ар кандай оорчулуктарга туш болгон кадимки өспүрүм кыздын күндөлүгү болчу. Бир күнү ал комментарийлерге "Бейпил түн, баары жакшы болот!" деп жазып коюптур", - дейт Шагиева.

Алардын достугу ошондон башталып, сүйүүгө өсүп, романтикалуу мамилелерге өткөн. "Ал мага караганда акылдуу жана камкор. Акыл түзүлүшү математикага жакын болсо да, Костя чыгармачыл адам. Экөөбүз тең жаратылышты, капчыгайларга саякаттоону жакшы көрөбүз", - деген Алия.

"Константин Алиянын чыныгы фамилиясын таанышкандан кийин 1,5 жыл өткөндө гана билген. Аны жакшы көрүп калуу үчүн ага болгону Алиянын интернеттеги ниги жетиштүү болгон", - дейт басылма.

Ал эми бул үйлөнүү тойго терс мамиле кылгандар тууралуу Шагиева төмөнкүлөргө токтолгон:

"Мындай улутчулдук көпчүлүктүн маданий ой жүгүртүүсүнүн төмөндүгүнөн болуп жатат деп ойлойм. Тилекке каршы, караңгы адамдын көз карашы менен жашаган адамдар бизде дагы деле көп, бирок адекваттуу адамдар андан көп".

"Балким, өлкө башчынын кызына элдин талаптары жогору чыгар? Алия андай деле болушу мүмкүн экенин билдирди", - деп жазат басылма.

"Мен бул сүрөттөрдү жарыялаганыма кубанычтамын. Анткени социалдык басым болуп жаткан биздин көп кыздарыбыз үчүн алар күч берип, жашоосуна чечкиндүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө түрткү болот", - деген Шагиева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(52)
09.09.2016. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бактылуу болгула
09.09.2016. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Ар бир адам бактылуу болсун!Бактылуу болууга бардыгыбыздын укугубуз бар)))
09.09.2016. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эмнеге алия шагиева ал атамбаевдин кызыбы билгендер болсо айткылачы
09.09.2016. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Эххх заман .биз кыргыздар кайда баратабыз.салт санааны унутуп.биздин озубуздун мудрый салттарыбыз турса батышты туурайбыз.суранаарым.биз жаштар ушул кыздан улгу албай эле коёлучу.булар бактылуу болушсун.бирок калгандары мындай кылбагылачц .сураныч.
10.09.2016. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Riokyrgyz,а сен эмнени куттун эле орус куйоо баладан калын беришинби? алдына тушуп келет деппи? же нике кыйдырат дедин беле?Эки улуттун балдары уйлонуп атышса каяктагы салт
11.09.2016. 08:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Riokyrgyz, эгер салт санаа мн 1000 адамды коноко чакырып 3 кун 3 тун той берип калын алып сеп берип дунгуротуп той берген учурда деле башка нерсени айтып чыкмаксынар.
09.09.2016. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
azabraza,менда ушуну жазайн дегем
09.09.2016. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+40
Бактылуу болсун!!! Сен улутчул маданиятынын, денгээли томон деп жаткан КЫРГЫЗДАР дагы силерге бакыт тилейт. Анткени сен чыныгы КЫРГЫЗ кандай болоорун билбейсин, баса атаны жакшы тааныйм)
10.09.2016. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
tynkatar03,+++
09.09.2016. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Арыктап алыптыр ото эле.
09.09.2016. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+31
Эч бир кызга улгу болбой эле кой алтыным
09.09.2016. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-22
Бир чети туура эле, кыргыз кыргыз менен баш кошуп, бактысыз болуп калгандар деле толтура го. Макул ал мусулманга турмушка чыкпаптыр, бирок бул андан окткон бактысыз чыгар. Бирок бул дуйнодо бактылуу болуп отсо болду да.
09.09.2016. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
АША нын кызына эмне эле мынча кыжаалат болуп жатасынар
09.09.2016. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
бакыт каалайм
09.09.2016. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Чын журоктон барыбир!
09.09.2016. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Чыкса чыныптырда,бактылуу брлсун.Атасы ошол карангы элдин президенти.Эгер билсе.
09.09.2016. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жакшы экен ою дуйно таанымы бактылуу болгула
10.09.2016. 02:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Shat.88, мусулман эмес менен жашаган кандай чоон куноо мусулман кыз мусулман жигитке гана никеге тура алат башкасы зынаа зынаа бул ото ото чон куноо
10.09.2016. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ERCHOROEV,мумкун бул жигит мусулмандыр биз билбейбиз да билбей туруп бул эки жашты кунооло туура эмеско, менин билишимче дуйно элинин атактуу актер, академик, профессорлору ислам дининде жана жарыялай беришпейт, мумкун ошондойдун биридир.
09.09.2016. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Кайсы бир мезгилде ажырашып кетишет эмеспи
09.09.2016. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Урматту супер инфо эмнеге шагиева ошону тушундуруп койгулачы ал атамбаевдин кызыбы же атасы башкабы
09.09.2016. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azabraza,Шагиева деп апасынын фамилиясын алып жургон экен
09.09.2016. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
"Кайран элим кайда баратабыз" Корсо...
09.09.2016. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо Алия 97-жылкы экен да
09.09.2016. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улгу болуу учун башка да толтура жумуштар,кылык-жоруктар бар да "кыз"!...
09.09.2016. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Улгу болоорлук жумуштарды кылып келип жатат менин билишимче. :озу тарткан суротторун сатып жетим балдарга жардам берсе керек эле. Башкысы бактылуу болсун. Суйуп калсан улуту байбы-кедейби,кыргыз-орус айырмасы жок.
10.09.2016. 02:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Solanum, никеси жок жащоо бул зынаа болот кааласакта каалабасакта эртеге олобуз сиз бизди жараткандын алдында эмне деп жооп беребиз
09.09.2016. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чын жүрөктөн бакыт тилейм.
10.09.2016. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4

Атамбаевдин тарбиясын кордук.........
10.09.2016. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Emil0211, созуно бали кошулам. Бир кызын тарбиялай албаган ата билбейм кандай ата.
10.09.2016. 02:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Aselya_9105,100000000бакыт тилесен да зынаа жашоо эч качан бакыт болбойт унутпай жур эртеге кудайга кантип жооп берет экен
10.09.2016. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Кайран элим, кайда баратабыз!
10.09.2016. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bakyt kaalaim!
10.09.2016. 03:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ислам дининде айтылат каапырга уйлонуп же турмушка чыккан болсон жети атана чейин кабырда куйушот деп, эгерде ислам динди кабыл алдыртсан анда чон сооп болот деп......
10.09.2016. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
asadillaevna,Атамбаев бир кездерде беш убак намаз окуйм деп журду беле адашпасам?
10.09.2016. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
asadillaevna,Туура айтасын. Бирок ал озу мусулман бекен? Азыр кыргыздарда деле христиандар коп. Адашкандар...
10.09.2016. 07:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ээ ар ким ар нерсе айта берет. Бактылуу болсонор болду да. Дагы эл айтып жатат деп урушуп журбогуло куйоон экоон. Эл эмне айта берет, эртен ажырашып кетсен дагы айтат. Андан коро бактылуу жашап, жакшы, ыймандуу балдарды тарбиялап остургуло. Жаман создорду жазгандардын турмушу деле жыргап кетпегендир. Бирооду сындаганды, жамандаганды Алла таалам тыюу салган. Бактылуу адам бироо жонундо жаман соз айтпайт, жамандык каалабайт эч качан. Кербенинерди жургузо бергиле, Кудай бак берсин, бактылуу болгула
10.09.2016. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
suban78,ошо да эл оозунда элек жок, айта беришет, кыргызга тийсе деле айтып чыгыщмак эмнеге ак койнок кыска кийди, кыргыз го шокуло кийбейби деп, адамдар ар дайым жаман жагын эле клро беребиз жакшы жагын айтпайбыз
10.09.2016. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Турциянын президенти Эрдоган кызына той берди элего 2000 адам чакырып канча миллион доллар кетирип ошентип той берген жокко кудайга шугур ит уро берет караван кете берет демекчи ага сынтакпай андан кору жакабызды карманып озубузго бакыт тилейли
10.09.2016. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бул кыз жакпады нормалду кыз болгондо эчкимге унчукпай тиет эле,элге жарыя кылбай,
10.09.2016. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азамат кыз экен,эс акылы жок кыз болгондо атам президент болсо мындай той өткөрүшүм керек деп кыргызстанды дүңгүрөтмөк.чын дилимден бакыт кааладым,бактылуу бол.
10.09.2016. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен алам деп жургом. Эми кеч:-(. Кош бол суйуум.
11.09.2016. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мага чын журоктон баарибир дейин десем атасынын созу эске келет да
11.09.2016. 08:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргыздарды ни чем не угодиш илибой нерседен шыйрак кыр чыгара беребиз. Ошондой экен бактылуу болгула! Расул кызыдай иподромдо той откоруп, чечендердей алтынга болонуп ,турктордой дуйно жылдыздардын топтоп алса да колунардан эмне келмек эле.30 адамдык тойду кыргызда кедейдин кедейи дагы жасабайт.Туулган кунун да 30 адам мн откорушпойт. Силер эмнени каалайсынар озу?Сындап аткандар баштап озунорду кузгудон карап мен киммин бул жашоодо эмнеге жетиштим? Максатым эмне деп озунорду деле сындап алгыла.
11.09.2016. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
AKCAHAT, азамат. Рукам, ногами ЗА красавица. Коккуй паланча ушинтип айтып кеткен эле, значить ушундай болуш керек дегендерге достойный жооп бооду. ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2016-09-12 10:40:28
12.09.2016. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
suban78, кимдир-бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз!
12.09.2016. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
AKCAHAT,азамат 100%кошулам
13.09.2016. 05:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
AKCAHAT,молодец Сонун жооп болдуго баарына
11.09.2016. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу бол Алия!!!!!!!
12.09.2016. 03:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айланайындар Бактылуу болгула, кармашкан колунар эч качан ажырабасын!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: