Футбол боюнча өлкө чемпиондугунда бүгүн "Дордой" жана "Алга" клубдары "Алайдан" артта калбоо аракетин көрүшөт (анонс)
Бүгүн, 10-сентябрда футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганын алкагында 2 беттеш орун алат. Чемпиондук үчүн ат салышып жаткан "Дордой" футболдук клубу беттешин Кара-Балтада, бишкектик "Алга" Жалал-Абад шаарында өткөрөт.
Бул эки оюнда тең коноктор жеңишти камсыздап, 3 упай алуу максатында майданга чыгышмакчы, себеби кечээ "Алайдын" футболчулары Бишкекте "Ала-Тоону" утуп, 3 упайга ээ болушту. Муну менен "алайлыктардын" упайы 32ни түзүп, негизги атаандашы "Дордой" 3 упай, "Алганы" 5 упай артта калтырды. Командалар бул айырмачылыкты кыскартуу аракетин кызуу көрүшмөкчү.
"Кара-Балта" (Кара-Балта) - "Дордой" (Бишкек)
Стадион: Кара-Балта шаары, "Манас" стадиону
Башталышы: 17:00
"Алдиер" (Куршаб) - "Алга" (Бишкек)
Стадион: Жалал-Абад шаары, "Курманбек" стадиону
Башталышы: 17:00
Мелдеш жадыбалы:
1. "Алай" (Ош) - 13 оюн, 32 упай
2. "Дордой" (Бишкек) - 12 оюн, 29 упай
3. "Алга" (Бишкек) - 12 оюн, 27 упай
4. "Абдыш-Ата" (Кант) - 12 оюн, 16 упай
5. "Алдиер" (Куршаб) - 12 оюн, 7 упай
6. "Кара-Балта" (Кара-Балта) - 12 оюн, 7 упай
7. "Ала-Тоо" (Нарын) - 13 оюн, 6 упай
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Мирбек Акматалиев 11
Алимов 7
Манас 7
Мирзалиев 6