super.kg logo

"Тынч миссия-2016" аскердик машыгууларына Орусиянын аскерлери Кыргыз өлкөсүнө келишти

 

Кечээ, 11-сентябрда Кыргыз Республикасынын №20636-аскер бөлүгүнө Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттер арасында өтүүчү "Тынч миссия-2016" аскердик машыгууларына Орусиянын аскердик контингенти келди. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, аталган машыгуулар 15-21-сентябрь күндөрү "Эдельвейс" аскердик полигонунда өтмөкчү. Ага Кыргыз Республикасынын, Орусиянын, Кытайдын, Казакстандын, Тажикстандын аскерлери катышары белгилүү.

Кытай, Тажикстан, Казакстандын аскердик техникалары 13-14-сентябрларда келишери маалым болду.

Иш-чаранын максаты - террорго каршы миссияларды биргеликте жүргүзүүгө даярдоо. Машыгуулардын жүрүшүндө аскерлерди тоолуу аймактарда атайын операцияларды алып барууга үйрөтүшөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(12)
12.09.2016. 08:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эми биздикилердин техникасы уят кылбаса экен
12.09.2016. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин техникалар жаңылоодон өткөн. Россиядан былтыр толтура келген. Эрте жазда көрдүк го Аксыга барышканда.
12.09.2016. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
мумкунчулук болсо ошол алып келген текникаларын таштап кетсе экен
12.09.2016. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
talant87,ушул созун аябай жакты да 5+++
12.09.2016. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
talant87,мункучулук болсо ошол техникалары менен Ункур-Тоого карай сапарга чыкса жакшы болот эде.
12.09.2016. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Машинеси жагат да, сатылабы ушундай машинелер?
12.09.2016. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Унгар-Тоого барып машыккыла!
12.09.2016. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куудулдар айтмакчы,танкаларыбыз кетип жатып бирөө,бузулуп,экинчиси жолдо майы тугонуп,учунчусу эң узак барганда кызыл кыяга барып бузулду болуп журбосун
12.09.2016. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
СССР аскерлери автоматтарынын стволун ойдону карай которуп асынып катарга турушчуу. Азыр негедир булар АКШ, НАТОнун аскерлериндей стволун томон каратып алышыптыр. Кремилдеги парадта да кээ бир аскер болуктору ойдо карай которсо, кээ бирлери томон карай которуп отушту. Тушунгон жокмун
13.09.2016. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
taalay25, атайын багыттагы болуктор стволун томон каратып которушот
12.09.2016. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Чек арабызды корууга жондомсуз армиянын бизге эмне кереги бар тушунбойм... Же болбосо Шанхай уюму, ОДКБ ж.б.мучо боло туруп алардан жардам куто албаган сон кайсы арыбызга мучобуз?!!! Эгер тарыхты изилдесек Баткендеги ири 3 анклав, Озгондогу Советабад (Ханабад) жб. жерлерибиз коншуларга арендага берилип ошол бойдон калып кетиптир, эмнеге ошолорду кайтарып алуунун ордуна кайра улам жаны жерлерди "подарка" деп берип келебиз?... Бизге пайдасы болбосо тиги уюмдарга мучо болуунун кереги не?!
12.09.2016. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озу Кыргыздарга курал керек эмек журогуу тоо куралы жок уруса дуйнону чачыратат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: